Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Талас облусуТалас району 16.08.2019 13:51

Эл ичи — өнөр кенчи: Москвада акын У.Дөнөнбаевдин ыр жыйнагы жарык көрөт (сүрөт)

Turmush -  24-августта Москвада иштеп жүргөн таластык акын Урмат Дөнөнбаевдин «Жаңырык» аттуу китебинин бет ачары өтөт. Аймактык кабарчы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 1985-жылы Талас районунун Арал айылында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетинин энергетика бөлүмүн аяктаган.

«Мен бала күнүмдөн колума кагаз калем алып, ыр жазып келем. Негизи акындык чоң атам тараптан оогон өнөр деп билем. Ал адамдын көзү өтүп кетсе дагы ырлары ушул күнгө чейин сакталып турат. Чоң атамдын ырларын окуганда өзүмө кубат алып, өнөргө болгон шыктануум күчөп турат. Өзүм жаратылышка жакын болуп, ар бир ыр сабымда туулган жеримдин сулуулугун даңазалаганга аракет кылам. Биздин айылдын ортосунан орун алган Кур-Таш тоосу бар. Ал тоо күнгөй бетке жайгашып, кышы менен эч кар токтобойт. Жаз алды менен бооруна байчечекей, кызгалдак жайнап чыгып, сулуулугу артып турат. Мындай кооздукту көргөндө кантип ыр жаралганын өзүң дагы баам салбай калат экенсиң.

Учурда Москва шаарында эмгектенип жүрөм. Бул жакта мекендештер уюштурган маданий борборубуз бар. Ал жерде маал-маалы менен ыр кесе, сармерден, кыргыз тили күнүн өткөрүп турабыз. Азыр «Талас биримдиги» коомунун маданий бөлүмүнүн жетекчиси болуп шайландым. 24-августта Москва шаарында «Жаңырык» аттуу китебимди көпчүлүккө сунуштап адабий кече уюштуруп жатабыз. Ыр жыйнак жазуучулар союзунун мүчөсү Зарыл Өмүралиева эжекебиздин жардамы менен жарык көрдү. Китепте мекенге болгон сүйүү, эне менен баланын сүйүүсү, кыргыз элиме кайрылуу сыяктуу ар тармакты камтыган ырлар жазылган», - деди ал.

Акын 2 уул, 2 кыздын атасы.

Айылыма

Кара-Таш, Чоң-Саз, Кур-Ташым,

Сен менен өскөн курдашым.

Койгула угуп сөзүмдү,

Душманым жана сырдашым.

- - -

Айтайын бүгүн сырымды,

Арнаймын жазган ырымды.

Силерсиз өткөн күндөрүм,

Карытып барат кылымды.

- - -

Көрүүгө кайран көздөр зар,

Айтууга толгон сөздөр бар.

Сагынып жүрөм айлымды,

Сансыз ой кыйнап жанымды.

- - -

Сабалап учса ак булут,

Жашырбай сырым айтчумун.

Айта бар менден салам деп,

Айлыма кабар салчумун.

- - -

Айлымдын жыпар жытынан,

Жыттоого жаным ынтызар.

Чыйрыккан жүрөк өзүңдөн,

Күн бардыр сага жылынар.

- - -

Барармын акыр өзүңө,

Көрүнүп баарың көзүмө.

Коштошуп кайра кайтармын,

Күч-кубат алып өзүмө.

- - -

Ал күндү күтөм өмүрдө,

Кыялга батып өзүмчө.

Күткөн күн келсе гүл өсөр,

Сагыныч баскан көңүлгө.

- - -

Өзүңдөн учкан куш болдум,

Бөлөк жер, элге туш болдум.

Унутпайт экен көкүрөк,

Жүрөктө өчпөс от болдуң.

Балдарыма

Дүйнөгө келгем өзүм бала болуп,

Ата-энемдин башына бакыт конуп.

А бүгүн 30 жаштын суусун ичип,

Токтолдум балдарыма ата болуп.

- - -

Балдарым балбылдаган шам чырагым,

Кыздарым мүрөк суудан тамчыларым.

Душманым кулдай сабап турса дагы,

Жеңилип арканына асылбадым.

- - -

Балдарым зор бакытка багыт болуп,

Таалайым деңгээлинен ташып толуп.

Жан дүйнөм байырлаган чынарыма,

Периштелер түнөк кылып учуп конуп.

- - -

Сүйүүдөн бүткөн уям урабасын,

Бакыттын дарагынан кулабасын.

Түбүндө кубат берип агып турган,

Булагы түбөлүккө кургабасын.

Энем терметер

Түндүгү түшүп түбүнө,

Тумчугуп турат кыргызым.

Тамчылап каны жүрөктөн,

Кансырап турат кыргызым.

- - -

Жарадар жанын көтөрбөй,

Алсырап турат кыргызым.

Балдарын жоктоп ботодой,

Буулугуп турат кыргызым.

- - -

Дем берээр Бакай бабам жок,

Аңгырап турат кыргызым.

Эл деген кыраан Манас жок,

Жалдырап турат кыргызым.

- - -

Чыдачы балким жаралып,

Каныкей энең бир келер.

Бешикке бөлөп кыргызын,

Курманжан энең терметер.

- - -

А балким Чыңгыз тирилип,

Таалайың тоого теңдешер.

А балким кудай жар болуп,

Бакытка бизди эмдетээр.

Күнөөлүү сезим

Көк жөтөл күчөп көрүмө жалгыз калганда,

Көрүстөн болуп мыскылдап турдуң маңдайда.

Суранам сенден көрүнбө болду көзүмө,

Коргошун болуп кайнаба менин канымда.

- - -

Курманы болдук алдамчы бетсиз сезимдин,

Далбастап таппай дабасын күчтүү ал уунун.

Канкордой камап муунтуп бирге олтурдук,

Денесин өрттөп айыпсыз шордуу сүйүүнүн.

- - -

Күнөөлүү бизбиз күнөөсүз багып сезимди,

Ортодо барксыз куруттай болуп эзилди.

Жалгандыктын жамаачысы сан жетпес,

Акыр келип тамтык калбай тешилди.

- - -

Шордуу болдук сен да, мен да элде жок,

Бизге басып бакыт дагы келген жок.

Күйүт уруп сезимдерди тоңдуруп,

Талкалады жалгандыктан чыккан ок.

- - -

Мындай сүйүү башка жанга келбесин,

Арзуу сунуп күйүт кошуп бербесин.

Бизди кечир, башкаларга суранам,

Арман-азап керегесин кербесин.

- - -

Биздин арзуу болуп калсын акыркы,

Жаап салсын арман деген тарыхты.

Бүт адамзат медер кылып жашашсын,

Жан үшүткөн түндү эмес жарыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×