Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Талас облусуТалас району 16.08.2019 16:15

Бакай-Атанын Боо-Терек айылында 900 кг кара куурай жок кылынды

Turmush -  Бүгүн, 16-августта Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында 40 сотых жерден 900 кг кара куурай орулуп жок кылынды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чараны Бакай-Ата РИИБ уюштурду. Ага айыл башчылары да катышкан. Элге кара куурайлардын зыяндуулугу айтылып, аны сактаган, колдонгон адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганы эскертилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×