Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Талас облусуТалас району 21.08.2019 10:13

Аба ырайы: 22-23-24-август күндөрү жамгыр жаашы мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 21-августта күндүз Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. 22-23-24-август күндөрү өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×