Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Талас облусуТалас району 23.08.2019 16:22

Жубайлар: Жапар ата менен Аписа апа жаңы үйлөнгөндө тоодо кыйналып ыйлашканын унутуша элек (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылындагы 64 жаштагы Жапар Тыналиев менен менен 63 жаштагы Аписа Тыналиева 44 жылдан бери бирге жашап жатышат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Жолдошу: Мен ушул айылдын топурагын басып, суусун ичип чоңойгом. Байбичем экөөбүз 1975-жылы баш коштук. Ошол кезде байбичем кошунабыздын үйүнө конокко келген экен. «Токтоо мүнөзү бар, жакшы кыз келиптир» деп калышты. Мен ал үйгө барып, шашпай чай ичип, байбичемди көрдүм. Сүйлөгөнү орундуу, менин ата-энеме ийкемдүү келин болуп берерин бир көрүп сезгем. Азыр дагы ошол мүнөздөрү сакталган, сабырдуу, жөнөкөй.

Баш кошкондон кийин совхоздун койлорун кайтарып, чабан болуп кеттик. Башында жаш, тажрыйба жок болуп, байбичем экөөбүз кыйналганбыз. Тоого жаңы көчүп бардык, көп нерсени билбейбиз, өздөштүрө элекпиз. Чатырдын ар тарабынан суу кирип, чай кайната албай, отурганга кургак жер жок болуп ыйлаганыбыз эсимде (күлүп). Кийин такшалып, көнүп калдык. 7 жылдан ашык чабан болуп, Итагар тоосуна чыгып жүрдүк. Көптөгөн чабандар менен ынтымакта болдук. Ал убакта жаан жааса адам суугуна туруштук бере алчу эмес. Туман дагы басып калчу. Азыр өткүн өткөндөй жаан жаап коёт. Ошондогу ыйманыбызды кара, совхоздун малын сактап калалы деп белчеден ылай болуп жүрчүбүз. Азыр тоо көзүмө жакшы көрүнөт. Ошол жакка тартылып турам. Баары эле чет өлкөлөп кетпей. айылдан мээнеттенип мыкты жашаса болот. Эмгексиз жашоо болбойт.

Колхоз-совхоздун убагында тартип күч болуп, бул анын же тигинин жумушу деген ой болгон эмес. Жакшы гана ой менен берилип иштечүбүз. Азыр ар бир адам өз жашоосу үчүн алпурушуп калды. «Ленин туусу» деген гезитке жакшы иштедиң, күжүрмөн эмгегиң үчүн деп чыгып турчумун. Өзүмдүн планымды толтуруп гана тим болбостон жаштарга дагы жардам көрсөтүп, аларды көтөргөм. Ошондо совхоздо чоң жылыш болгон. 3 медалга ээ болуп, кыска мөөнөттүү окууларга барып турчумун.

Көп жылдан бери багбанчылык кылабыз. Жылда түшүм мол болуп, балдарыбыз жогорку билимдүү болушсун деп окуттук. Аз дагы болсо мээнебиз жанды. Балдарга унаа алып берип, там салып бердик. Кудайга шүгүр, балдарым эрезеге жетип, небере көрүп отурабыз.

Жубайы: Мен Талас районунун Көк-Ой айылында төрөлгөм. Атымды чоң апам коюптур. Египеттин уламышынан алган экен. Маанисин деле айтчу эмес. Мектепти бүтүп эле турмуш курдум.

Бир тууган жеңемдин төркүнү ушул айылдан болчу. Жеңем менен конокко келгенде абышкам мени бир көрүп эле, үйү жакын болгондуктан жетелеп алып келип алган (күлүп).

Мен келин болуп келгенде кайын энем бар болчу. Кол жөндөмү күч, жакшы киши эле. Ошол кезде мен жаш болгондуктан, кайын энем өз тарбиясына салып баарын үйрөттү. Совхоздун малы менен жүрдүк, тамекиде дагы иштедик. Кийин жер бөлүнгөндө өзүбүзчө жер алып, дыйканчылык, багбанчылык менен алектенип кеттик. Алма, алмуруттун жакшы сортторун өстүрүп, убагы менен сугарып, ооруп калса дарысын чачып турабыз. Ошентип багбанчылыктын арты менен балдарды окуттук.

3 уул, 4 кызыбыз бар. Балдардын баары жогорку билимдүү. Кыздар мугалим болуп эмгектенишет. Балдарымды жашында кайын энем багышты. Биз жумуш, мээнет, эмгек деп жашадык. Былтыр «Баатыр эне» сыйлыгын алдым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×