Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 31.08.2019 14:30

«Альянс-Алтын» компаниясы Таласта мушкерлер клубун оңдотуп берди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Талас районунун Өмүралиев айыл аймагында «Альянс-Алтын» компаниясынын «Бакубат-Талас» фондунун эсебинен мушкерлер клубу ачылды. Бул тууралуу компаниянын өкүлү Данияр Жаныкулов билдирди.

Анын айтымында, клуб үчүн 714 миң сом акча жумшалган. 714 миң сомдун жарымына оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлүп, жарымына машыгууга керектүү шаймандар алынып келди. Иш-чаранын алкагында футбол, ордо, волейбол, шахмат оюндары боюнча турнир болуп өттү. Ушундай эле турнир Бекмолдо айыл аймагында дагы уюштурулду. Аларды уюштурууга 236 миң сом каралган. Иш-чарага «Ынтымак кербени» аркылуу Ош облусунан келген делегация да катышты.

«Андан соң бакча менен тааныштырып чыктык. Талас районунун Өмүралиев аймагында жеке ишкер Дамира Молдоярова эжебиз бала бакча ачуу максатында жеке үйдү сатып алып, аны айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берген. Ал жерди бала бакчага ылайыктуу кылып, эшиктин алдына таман таштарды төшөп, азык-түлүк сактаган кампасын куруп бердик. Ичине кир жуучу машина жана муздаткыч алып бердик.

Дагы бир кубанычтуу жаңылык — Эгемендүүлүк күнүнө карата Ысык-Көл облусунда уюштурулган чемпионатта көк бөрү боюнча «Бакубат Талас» командасы 1-лигадан чемпиондукту утту», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×