Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 04.09.2019 13:31 На русском

Башын жанчып, өзүн токко тарттырган: Таласта чет өлкөлүк адамды шериги катуу сабап, оор абалда ооруканага түштү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 4-сентябрда Таласта тажикстандык 45 жаштагы жаранды өзүнүн шериги катуу сабап, оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу дарыгерлер билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы ооруканага тажикстандык Б.А. башы жанчылган абалда түшкөн. Аны Талас районунун Көк-Дөбө айылынан алып келишкен.

Алдын ала маалыматтарга караганда, тажикстандык 2 жаран Таласка жай айларында курулуш жумуштарында иштөөгө келишкен. Алар бир үйдү куруп бүткөн соң бири экинчисин алдап, акчасын бербей койгон. Акчасын ала албай калган шериги ден соолугуна байланыштуу башка жакка иштей албай, экөөлөп курган үйдө кароолчу болуп жашап жаткан. Акчасын алып койду делген Б.А. башка жактарда иштеп жүргөн. Ал түндө уктаганы келгенде акчасын ала албай калган шериги сабап салган. Андан соң өзү электр тогуна урунуп өлөм деп, ачык турган зымды кармап, алаканын күйгүзүп алган. Учурда сабалган Б.А.нын абалы өтө оор. Башы, жаак сөөктөрү жарылган.

Ал эми Талас облустук ички иштер башкармалыгы бул маалыматты тастыктап, учурда сабоого шектелген адам милицияга чакырылып, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×