Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 06.09.2019 11:30 На русском

Таластын Жоон-Арык айылында 34 жаштагы адамды унаа уруп кетип, оор абалда ооруканага жеткирилди

рейд, ночь, авария
рейд, ночь, авария

Turmush -  Кечээ, 5-сентябрда Талас районунун Жоон-Арык айылында жөө адамды унаа уруп кетип, оор абалда ооруканага жеткирилди.

Оорукананын маалыматына караганда, саат 19:20 чамасында Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы ооруканасына Жоон-Арык айылынын 1985-жылы туулган тургуну Р.Ж. жеткирилген. Анын мээси чайкалып, жаагы сынып, жамбашынан, белинен жаракат алганы аныкталган. Учурда акыбалы оор.

Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, жабырлануучу Р.Ж.ны уруп кеткен айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Учурда териштирүү иштери жүрүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×