Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 09.09.2019 22:00

Көчмөндөр оюндарына карата Таластагы ипподромду оңдоо иштери жаан-чачынга карабай уланууда

Turmush -  Улуттук көчмөндөр оюндарына карата Талас районундагы Р.Алканов атындагы ипподромду оңдоо иштери жаан-чачынга карабастан уланууда. Бул тууралуу Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев билдирди.

«Жумуштарды бүтүрүп коюп, бул жерде ишти түнкү саат 01:00гө чейин өзүм көзөмөлдөп жүрөм. Намыс үчүн ишти бүтүрөбүз деп жатабыз. Жаан-чачын тоскоолдугун тийгизсе да иш токтогон жок», - деди ал.

Куруучу Мелис Кытаевдин айтымында, жаан катуу жааганда тоскоолдугун тийгизип жатат.

«Бирок балдар ишти тынбай улантып жатышат. Белгиленген мөөнөткө бүтөбүз деп аракет кылуудабыз», - деди ал.

Улуттук көчмөндөр оюндары 16-сентябрь күнү башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×