Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 13.09.2019 16:06

Таласта өтүүчү Көчмөндөр оюндарына 120 мамлекеттин өкүлдөрү чакырылды

Turmush -  Талас районунда жайгашкан «Манас Ордо» комплексинде Улуттук көчмөндөр оюндарына карата кызуу даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, комплекстеги VIP орундар дагы демөөрчүлөрдүн жардамы менен жасалды. Стадиондун жолуна Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 1,5 млн сом бөлүнүп, толугу менен асфальт төшөлдү. 30 жылдан бери биринчи жолу 30 метр тереңдиктен таза суу чыгарылды. Ошондой эле комплекстин ичине толугу менен жарыктандыруу орнотулган.

Р.Алканов атындагы ат майдандагы курулуш иштери аяктап калды. Бул жерге дагы 900 миң сомго суу киргизилип, 3 млн сомго унаалар токтоочу жай курулууда. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков көк бөрү үчүн 2 тайказанды алып берген.

Бүгүн Таласка вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова иш сапары менен келип, Улуттук көчмөндөр оюндарына карата даярдыктар менен таанышты.

«Көчмөндөр оюндарына келген конокторду жайгаштыруу, ипподромдун курулуш маселеси, «Манас Ордону» оңдоп-түздөө иштери, жолдун курулуштарына байланышкан 30дан ашык маселе күн тартибинде турган. Бүгүнкү күндө баары эле чечилип калды. 16-сентябрь күнү спорттук оюндардын ачылышы болот. 7 түрдү спорт оюндары, салбурун боюнча 8 оюн, 3 түрдүү ат оюндары уюштурулат. 21-сентябрь күнү негизги салтанаттык маараке «Манас Ордо» комплексинде өтөт. «Манас Ордодо» 19-сентябрдан баштап маданий иш-чаралар башталат.

120 элчиге чакыруу барактары берилген. 10-20 миң конок келе турганы күтүлүүдө. 3 миңге жакын чакыруу билети болот. Ал эми өз алдынча келген көрүүчүлөр эркин кире алат», - деди Өмүрбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×