Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 14.09.2019 15:17 На русском

Таластагы жол тескөөчүлөр күчөтүлгөн тартипте иш алып барат (сүрөт)

Turmush -  16-сентябрдан 21-сентябрга чейин Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндары өткөрүлөт. Анын алкагында коноктордун коопсуздугун камсыздоо максатында Талас облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Жол кырсыктарын алдын алуу максатында өздүк курам саптык кароого тизилип, аларга кызмат учурунда тургундарга жана конокторго сылык мамиле жасап, жардам берүү талабы коюлду. Салтанат учурунда Талас облусу боюнча ЖКККБнын 36 жана башка облустардан келген 40 бөлүмдүн кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×