Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 19.09.2019 09:51

100 000 сомго бааланып жатат: Көчмөндөр оюндарында көпчүлүктү кызыктырган ээр (сүрөт)

Turmush -  Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында «Манас Ордо» комплексинде 7 облустун өкүлдөрү кол эмгектерин атайын этнобазарга сатыкка алып чыгышты. Аймактагы кабарчы алардан кабар алды.

Нарындын Ак-Талаа районунан келген уста Сүйүнаалы Момунбаев ат жабдыктарды жасоо менен алектенип келе жатканын айтты.

«Өзүм ээр токум, күмүш кемер, камчыларды жасайм. Бул өнөр биздин каныбызда бар. Чоң атам, өзүмдүн атам белгилүү уста кишилер болушкан. Мен дагы алардын жолун улап, жаштайымдан көзүм көрүп жүргөн устачылыкка бат эле аралашып кеттим.

Көчмөндөр оюндарына камчысы менен ээр алып келдим. Илгертеден «жакшы ат жабуу — бир аттын башы» деп айтып коюшат эмеспи. Анын сыңарындай бул ээрди 100 миң сомго баалап жатабыз. Муну 2 айдан ашык убакытта жасап бүттүм. Эч бир жерин атайын ээр токуучу машинага салбастан, өзүмдүн колум менен даярдадым. Азыркы учурда сурагандардын саны көп болуп жатат.

Ал эми кемер курларды айтсам, илгерки бай-манаптар тагынган оор, чоң, кооз курларды азыркы күндө өнөрпоз адамдар буйрутма менен жасатып алышат. Белгилүү Аалы, Элмирбек, Азамат акындар мен жасаган кемерлерди, курларды тагынып жүргөнүн көргөндө өзүмдүн жумушумдан эргүү алам», - деди ал.

Сүйүнаалы устанын эмгектери менен төмөнкү шилтемелерге кирип таанышсаңыз болот:

Айыл турмушу: Жасаган ээр токуму Казакстандын президентине тартууланган ак-талаалык устанын эмгектери 150 миң сомго чейин бааланат (фото)

Көчмөндөр оюндары: Ак-талаалык С.Момунбаев ак илбирсти калканга чагылдырды (сүрөт)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×