Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 19.09.2019 23:30

Өзгөндүк уста баласы экөө жасап, Таласка алып келген жыгач кеселерди чет өлкөлүктөр алып жатышат (сүрөт)

Turmush -  Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында «Манас Ордо» комплексинде 7 облустун өкүлдөрү кол эмгектерин атайын этнобазарга сатыкка алып чыгышты. Аймактагы кабарчы алардан кабар алды.

Өзгөндүк уста Жылдызбек Шамшиев Көчмөндөр оюндарына жыгачтан жасалган кеселерди алып келгенин айтты.

«Талас жергесинде кыргыздын кандай эл экенин дагы бир жолу кайталап көргөзүүчү Көчмөндөр оюндарына атайын уулум Аман экөөбүз келдик. Биз жаңгактан, өрүктөн жасалган, илгери ата-бабаларыбыз колдондон жыгач кеселерди, кымыз куюлуучу идиштерди алып келдик. Мен бул майрамга атайын уулумду ала келдим. Анткени биздин урпактарга бул күндөр чоң таберик болуп жатат.

Биз алып келген буюмдардын көпчүлүгүн уулум жасаган. Быйыл биринчи жолу мындай чоң салтанатка катышып жатат. Буга чейин уулумду жыгач тилүүчү станокто иштетчү эмесмин. Быйыл өзүнүн каалоосу менен атайын аш салуучу табактарды, эт тартканга чоң табактарды, кеселерди жасап үйрөнүп калды. Бул өнөр атамдан мага калган өнөр деп билем. Бүгүнкү күндө менин уулдарым да ата өнөрүн үйрөнүп жатканы кубандырат.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе — биз алып келген буюмдарды чет элден келген коноктор кызыгуу менен сатып алып жатышат. 1 даана аш табакты 1200-1500 сомго чейин баалап жатабыз. Бир эле идиш-аяк менен чектелбестен атайын өрүк комуздарды ала келгенбиз. Эскилиги жетип калган тал-теректердин тамырын казып алып, анын ашыкча жерлерин алып таштап, бир нерсенин элесин чагылдырган сувенирлерди жасап келдик», - деди уста.

Айыл турмушу: Шамшиевдердин үй-бүлөсү бактын тамырынан жыландарды, жыгачтан идиш-аяктардын түрүн жасайт (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×