Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 20.09.2019 14:41

Улуттук көчмөндөр оюндары: Өзбекстандык устанын табактары 1500 сомго чейин сатылууда (сүрөт)

Turmush -  Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында «Манас Ордо» комплексинде 7 облустун өкүлдөрү кол эмгектерин атайын этнобазарга сатыкка алып чыгышты. Аймактагы кабарчы алардан кабар алды.

Өзбекстандык Авасжан Турсунбаев Улуттук көчмөндөр оюндарын көрүү үчүн атайын келгенин белгиледи.

«Мен Өзбекстандан атайын кыргыз туугандарда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарын көрүү максатында келдим. Таласка биринчи жолу келип жатам. Мага таза абасы өзгөчө жакты. Эли меймандос келет экен. 3 күндөн бери этнобазар деп ушул жерде өзүбүздүн колубуздан жасалган өзбек аш табактарын көрсөтүп, майрамга катышып жатабыз.

Бул өнөр мага атамдан өткөн. Биз жасап келген аш табактар табигый материалдан жасалат. Мисалы, чоподон ар кандай идиштерди, буюмдарды жасайбыз. Азыр кыргыз туугандар жакшы кабыл алып жатышат. Элдин кызыгуусу жакшы. Табактардын баасын жогорулатпастан элдин көңүлүнө карап, сураган баасына берип жатабыз. Бир аш табак 800 сомдон 1500 сомго чейин сатылып жатат.

Кудай буйруса кийинки жылы дагы өзүбүздүн көп буюмдарыбызды алып, Талас жергесине келүүнү максат кылып жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×