Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 20.09.2019 13:59

Улуттук көчмөндөр оюндары: «Манас Ордодо» жоголгон 5 жаштагы кызды таап беришти (сүрөт)

Turmush -  Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында жоголгон 5 жаштагы кыз табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, оюндар башталгандан бери Таластагы милиционерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. 18-сентябрда Кара-Буура РИИБдин көчмө кабылдамасына «Манас Ордо» комплексинде 5 жашар кыз жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Анын ата-энеси үй-бүлөсү менен Токмок шаарынан атайын эс алууга келишкенин билдирген. Алар «Манас Ордодогу» этношаарды кыдырып жүргөн учурда 5 жаштагы кызын жоготуп алышкан. Милиция кызматкерлери ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, адашкан кызды ошол эле күнү таап, атасына тапшырып беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×