Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 20.09.2019 19:19

Улуттук көчмөндөр оюндары: Таласта 3 күн «Манас» айтылат

Turmush -  Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында 3 күндүк «Манас» айтуу иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу «Манас Ордо» комплексинин манасчысы Камил Мамадалиев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 25ке жакын манасчы бар.

«Арабыздан бир нече манасчы шарттарына байланыштуу келе алышкан жок. 3 күндүк «Манас» айтуу демилгесин Маданият министрлиги колдоп, демөөрчүлүк кылып, жылкы союп, тамак-аш, жатакана даярдап берди», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×