Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 21.09.2019 20:50 На русском

Көчмөндөр оюндарында жүздөгөн адамдар театралдык көрсөтүүнү көрүү үчүн тосмону бузуп киришти. Видео

Turmush -  Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында коюлуп жаткан «Көчмөндөр ааламы» театралдаштырылган көрсөтүүнү көрүүнү каалагандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара «Манас-Ордо» улуттук комплексинин аймагында өтүүдө.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, тартипти көзөмөлдөп жаткан милиция кызматкерлери көрсөтүүнү көрүү үчүн келген конокторду киргизбей жатышат.

Чогулгандар менен өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев жолугуп, трибуна 3000 адамга эсептелгенин билдирди.

«Биз мындан көп көрүүчүлөрдү батыра албайбыз. Чакыруусу бар гана адамдар кире алышат. Калгандарына сахнаынан четтеринен орун таап отурууну сунуштайм», - деди ал.

Бир нече убакыттан кийин жарандар тосмону бузуп өтүшүп, сахнаны көздөй бет алышты.

Буга чейин Улуттук көчмөндөр оюндары театралдык көрсөтүү менен жыйынтыкталары жана ага миңге жакын ыктыярчылар тартылары маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×