Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 24.09.2019 17:08

«Мага орус тили керек эмес»: Мугалим К.Абдиеванын эстен кеткис окуялары

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 56 жаштагы тургуну Күлнура Абдиева 34 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Аймактык кабарчы мугалим менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 1963-жылы Талас районунун Конезавод айылында төрөлгөн.

«Мектепте окуп жүргөндө эле мугалим болууну самачумун. Ошол учурда ар бир баланы мээрим менен тосуп алган эжей-агайларды көрүп, мен дагы ушундай мугалим болсом деп кыялданчумун.

Мен 6-класста окуп жүргөндө мектепке жаңы эле окууну аяктаган Айнагүл аттуу орус тилчи мугалим келди. Ошол күндөн баштап Айгүл эжени үлгү тутуп, мен дагы орус тилчи болгум келди. Мектепти аяктаган соң педагогикалык окуу жайга барып, орус тилчи адистиги боюнча билим алдым», - дейт ал.

К.Абдиева эмгек жолун өзү билим алган Конезавод орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

«Биринчи жолу сабакка киргеним ушул күнгө чейин эсимде. 10-11-класстын окуучуларына сабак өткөндө толкунданып, ар бир сабакка даярданып барчумун. Кийин Арал айылына келип болуп, К.Нанаев атындагы мектепке которулдум. Сабакта ар бир чыгармага сүңгүп кирип, аны кызыктуу өтүүгө аракет кылчумун.

Бир күнү 9-класска сабак өтүп жатсам, бир окуучум үй тапшырмасын аткарбай келген экен. Андан эмне себептен тапшырманы аткарбаганын сурасам: "Мага орус тили керек эмес. Мектепти бүткөндөн кийин тоого барып, мал багам, дыйканчылык кылам" деп жооп берди. Мен түнгө чейин кирпик какпай, балдар үчүн көп нерсе даярдап келип, сабак өтүп жатсам окуучунун «мага орус тилинин кереги жок» дегени көңүлүмдү оорутту. Бирок ал окуучуну урушпастан, тескерисинде ага жакшы мамиле жасап, «ар бир бала билим алышы керек, сенден жакшы ишкер чыкчудай» деп ага ар бир сабакта өзүнчө көңүл бура баштадым. Кийин ошол окуучум жогорку окуу жайдан билим алып, окууну аяктагандан кийин дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө саякаттап келди.

Бир күнү үйгө келип: "Эжей, сизге рахмат. Ал убакта эч нерсени түшүнгөн эмес экенмин. Сиз берген жакшы багыт менен ийгиликке жетип отурам" деп ыраазычылык билдирип кеткен.

Быйыл мектепте эмгектенип жатканыма 34 жыл болду. Ушул аралыкта көптөгөн ийгиликтерге жетишип, ар бир окуучунун кубанычын өз кубанычымдай кабыл алып, ардактуу кесиптин ээси экениме сыймыктанам.

Үй-бүлөдө эки кызым менен жолумду жолдоп, мугалимдик кесипти аркалашты», - дейт К.Абдиева.

Анын 5 баласы, 8 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×