Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 01.10.2019 12:14

Жубайлар: Байызбү апа Облусбек атага жаңы баш кошкондо кайын атасына кошулуп чөп чапчу (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арашан айылынын 70 жаштагы тургуну Мамыратов Облусбек ата менен 67 жаштагы Мамыратова Байызбү апа экөө 49 жылдан бери чогуу түтүн булатып келишет. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Облусбек ата: Жубайым экөөбүз досторубуздун үйүндөгү отуруштан таанышканбыз. Жакты, сүйлөшүп көрүп алам дедим. Ачык көңүл, шайыр кыз экен. Мен үйдө жалгыз уул болдум. Жубайым ата-энеме да карамдуу болду. Экөөбүз урушкан жокпуз, ынтымакта жашадык. Кыйынчылыктар, жетишпеген замандан да өттүк. Эми неберелерибиздин күлкүсүн көрүп, ар бирин атасына салыштырып, апасына салыштырып отурабыз.

Мен жалпы 30 жылга жакын зоотехник болуп эмгектендим. Колхоз тараган соң өзүнчө жеке чарба болуп бөлүнүп дыйканчылык кылдык. Учурда жубайымдын соодасына жардам берип жүрөм.

Байызбү апа: Мен Талас районунун Көк-Ой айылында туулгам. 1970-жылы Арашан айылына келин болуп келдим. Ата-энем мага турмушка чыгарда айткан сөздөрүн бүгүнкү күнгө чейин унутпайм. «Жалгыз уулга бүлө болуп бара жатасың, ошол үй сеники болот. Кайын ата-энеңе камкор бол» деп айтып узатышкан. Ал сөздөр мага сиңип калган экен.

Өзүм кичинемден оокат-ашка тың болчумун. Турмушка чыкканда малын деле жайгарып, үйгө кирип оокат-ашты жасап иштедим. Өзүм орус классты бүткөндүктөн жаңы баргандан баштап эле мектепте балдарга орус тилин үйрөттүм. Айылдагы дүкөндө бухгалтер болуп иштеп жүрдүм. Кийин кайын энемди пенсияга чыгарам деп ал кишинин ордуна 10 жыл уй саап, колхоздо саанчы болуп иштедим. Апам мен барганда 50 жашта болчу. Ал киши 90 жашка чыгып каза болду. Экөөбүз 40 жыл чогуу жашадык. Өзүнүн кызындай эле көрдү. Апам менин жумушту тез жасаган сапатыма эле сүйүнүп калчу. Мен кийин соода менен алектенип, үйдө көп болбой калган кездер болду. Ошондо менин 2 келинимди апам тарбиялап, оокат-ашка үйрөттү. Байыз чарчап келет деп үйдүн баарын таза кылып отурчу.

Жолдошум өмүр бою зоотехник болуп иштеди. Чынын айтсам жалгыз уул болуп, кичине жалкоо чоңоюп калыптыр. Кайын атам экөөбүз үйдөгү жумуштун баарын чогуу жасачубуз. Мен чөптү чабам, ал киши боолайт. Азыр кээде эстегенде күлүп калам. Мен эт жегенди жакшы көрөм. Ошондон пайдаланып жолдошум кар жаайт дегенде эле «мал союлуп жатат, эттен калып калбайлы» деп кетип калчу. «Макул, сен барып кел» деп калып калам. Жолдошум кеткен күнү сөзсүз кар жаайт. Кайра эле тизеден келген карды күрөп калып калам. Көрсө эртең кар жаайт дегенди угуп, атайын кылчу экен. Ошол күнү эти бар болсо да, жок болсо да кеч келчү эле (күлүп) .

Жубайлар 4 уул, 2 кыз, 20 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×