Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 01.10.2019 17:26

Айыл турмушу: Таластык У.Кадыркулов 20 жылдан бери трактор, комбайндарды «дарылап» келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Козучак айылынын 41 жаштагы тургуну Улан Кадыркуов 20 жашынан бери техника оңдоп келе жатат. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Анын айтымында, кесиби боюнча ширетүүчү.

«Мектепти аяктаган соң ата-энем менен калдым. Айылда дыйканчылык кылып, мал кармап, трактор айдап иштедим. Тракторду 17 жашымдан тарта айдадым. Техника бузулуп калганда талаада калып калган күндөр болду. Оңдогонду үйрөнөм деп ар кимдин артынан жүрүп үйрөнүп алдым. 21 жашымдан баштап ар кайсы кооперативдерде автослесарь болуп иштедим. Техниканын кыймылдаткычын, коробкасын баарын оңдойм. Таластын башка айылдарынан да издеп келип, техникаларын оңдоткону алып келишет. Айылдаштарым дагы «Моторист Улан» деп айтышат. Жөн эле Улан десе билбей калгандар бар экен.

Комбайн чачканда тетиктеринин баары короого толуп калат. Башында үйдө апам менен жубайым «мунун баарын чачып алып эми кураштырганда башың жетпейт» деп айтышчу эле. Бирок кайра эле оңдоп алсам «биздин уста кыла алат» деп күлүп калышчу. Быйылкы сезондо 2 комбайнды чачып, кайра аны төө буурчак жула тургандай кылып куруп чыктым. Бул техника менен дыйкандардын жумушун кыйла жеңилдеттик деп ойлойм. 1 гектар жерди бир нече саат ичинде жулуп, сарпталган каражаты да арзаныраак болуп жатат», - деди ал.

Уста жубайы экөө 2 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×