Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 03.10.2019 17:46

Айыл турмушу: Таластык Н.Иткеева айылда тигүү ишканасын ачып иштетүүдө (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 37 жаштагы тургуну Насыйкат Иткеева 10 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип, учурда тигүү цехин иштетип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, апасы да көп жылдан бери чеберчилик менен алектенип келет.

«Апам кийиз жасап, боз үй көтөрүп, көрсөтмөлөрдө алдыңкы орундарга ээ болуп жүрөт. Менин кол өнөрчүлүккө жакын болуп калганыма апам түрткү болгон десем болот. Кымындай кезимден бери эле апама кол кабыш кылып жүрүп чоңойдум. Бойго жеткенче кол өнөрчүлүктү үйрөнүп алдым. Жайкы убактарда Бишкек шаарына барып, тигүү ишканаларына тигүүчү болуп иштеп жүрдүм. Андан сырткары шырдак шырып, ала кийиз дагы жасадым. Бирок айылда туруктуу жумуш жок болгондуктан апамдын жардамы менен тигүү машиналарды алып, тигүү ишканасын ачтым. Ишканада айыл ичиндеги 7 тигүүчү келин иштейт. Айлык маяналары 10 күн сайын берилип турат. Эң аз дегени 3 миң сомдон табышат. Жумуштун эч кыйынчылыгы жок. Күн сайын жумуш болуп турат. Азыр сезонго ылайыктуу болгон сырткы кийимдерди тигип жатабыз. Ар бир кийимди 80 сомдон тигип жаткан учурубуз», - деди ал.

Насыйкат айым 2 уул, 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×