Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 18.12.2019 23:40

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык Нурлис көк бөрүгө түшүп, чоң байгелерди ута баштады (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кара-Суу айылынын 18 жаштагы тургуну Нурлис Тунукбек уулу көк бөрүгө түшүп, ийгиликтерди жарата баштады. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ат жабдыктарды жасап, устачылык менен да алектенет.

«Көк бөрүчүлөр көп болгондуктан ат жабдыктарды жасатууга буйрутмалар көп келет. Үйдө тигүүчү машинеге аттын буттарына байлай турган жабдыктардан тарта, оюнчулардын малакайын, тизелерине тагуучу буюмдарга чейин тигип берем. Таякелерим көк бөрү ойноп, мыкты оюнчулардын катарын толукташат. Менин дагы көк бөрүгө болгон кызыгуума алар түрткү берген. 5-классымдан бери ат үстүндө жүрөм. Көк бөрүнү айыл ичинде балдар менен ойносом, 2 жылдан бери командада ойноп жүрөм. Улуу байкелер менен биргеликте ойноп жүрүп, чыдамкай, чымыр болууга үйрөндүм. Ийгиликтерибиз абдан көп. Эң чоң байгебиз унаа болгон. Буйруса республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышам деп турам. Көк бөрү — жашоом. Эң негизгиси аттарыбыз жана өзүбүз жаракат албасак экен деп тиленебиз.

Бир жолу райондор аралык чоң мелдеш болгон. Калыстар мени «жаш оюнчу экен, кошпогула» деп четтетип жатты. Бирок мен оюндун башында эле улакты тай казанга таштап берем деп сөз берип, оюнга катышып, 1 саатка жетпей улак таштап, командада ойноп калгам. Командамдын намысын коргоп, атаандаш чоң акелер менен мушташа кеткеним эсимден кетпейт.

Миллион деген атым бар. Белгилүү Миллион деген күлүктүн тукуму. 2 асый болуп калды. Кулун кезинде 100 миң сомго сатып алганбыз. Атымды убактысы менен чуркатып, витаминдүү тоюттардан берип турам. Андан башка арпа, буудай менен тамактанат. Алдыда таза кандуу жылкыларды багууну пландап жатам», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле музыкалык окуу жайга барып, бирок аны бүтпөй калгандыгын кошумчалады.

«Бул музыкага каалоом жок дегендик эмес. Буйруса ал өнөрүмдү дагы таптайын деп жатам. Ата-тегим музыкага жакын адамдар жана ырчылар. Чоң атам комуз чертчү, эжелерим той-топурларда ырдашат. Атам мектепте музыка сабагынан мугалим болуп иштейт. Мен дагы комузда кол ойнотом. Угуу жөндөмүм күчтүү болгондуктан күүлөрдү бир угуп чертем», - деди ал.

Көк бөрүчү жигит үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×