Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 16.12.2019 10:15

Айыл турмушу: А.Асанова мектептеги балдар тамшанып жеген тамактарды бышырат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын 34 жаштагы тургуну Айсалкын Асанова бала күнүнөн кыялданган кесиби ашпозчулукту аркалап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара -Буура районунун Бакайыр айылынын кызы. Боо-Терек айылындагы Д.Дүйшөбаев атындагы орто мектепте 7 жылдан бери ашпозчу болуп иштейт.

«Бала кезимден эле ашпозчу болууну самачумун. Мунун да себеби бар. Анткени үйдө апам тамакты даамдуу кылып жасайт. Атам апамдын жасаган тамагын тамшанып жеп, ыраазычылык билдирип турчу. Ошондо мен дагы турмушка чыкканда жолдошума даамдуу тамак жасап берем деп кыялданчумун. Тилегим ишке ашып, ашпозчулук кесипти алып чыктым.

2004-жылы Боо-Терек айылына келин болуп келдим. Башында балдар менен үйдө эле отурдум. 7 жылдан бери мектепте ашпозчу болуп эмгектенип жатам. Айлык маянам 3,5 миң сом. Жумушка эртең менен 7:00дө келип, кечки 17:00дө кетем. Балдарга 1 маал ысык тамак берилет эмеспи. Күндө ар кандай тамактарды жасайм. Бүгүнкү тамак эртең кайталанып жасалбайт. Күндө эле бир тамак жасап бере берсең баланын тамакка болгон кызыгуусу жоголот. Тамакка керектүү жашылча-жемиштер өзүбүздүн мектептен чыгат. Атайын айдоо аянтчасында керектүү жемиштер өсөт. Алган түшүмдү 1 жылдык тамак-ашка жеткиребиз.

Окуучулар жасаган тамакты суктанып жешет. Өзгөчө күрүч жана ашкабак менен жасалган оромону тамшанып жешет. Кээ бирлери «Эжеке, колуңузга береке. Сизге чоң рахмат, апамдан да сонун тамак жасайсыз» деп рахматтарын айтып кетишет. Кээ бир окуучулар «Бүгүн эмне тамак жасап жатасыз? Эртең башкача тамак жасап бериңизчи» деп айтып калышат (күлүп). Ар бир күнүм көңүлдүү өтөт. Үйгө кечкисин көңүлүм көтөрүңкү болуп кайтам. Үйгө барып, күтүп жаткан балдарыма тамак жасап берем», - деди ал.

Айсалкын айым 3 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×