Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 24.12.2019 22:32

Айыл турмушу: 86 жаштагы Бекмырза ата өрүк комуздарды жасап жатат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Үч Эмчек айылынын 86 жаштагы тургуну Турдукулов Бекмырза ата өрүктөн 10 миң сомдук комуздарды жасайт. Аймактык кабарчы аксакалдан кабар алды.

Анын айтымында, колхоздо 35 жыл сугатчы болуп эмгектенген.

«Өзүм 2-класска чейин Үрмарал айылында, калган 5 классты Өзгөрүш айылында окудум. Аскердик кызматымды Калининград шаарында өтөп келип, колхоздо 35 жыл сугатчы болуп иштедим. Кийин 5 жыл колхоздун койлорун бактым. 3 кыз жана 4 уулум бар, баары аман-эсен. Кемпирим былтыр кайтыш болуп кетти», - деди ал.

Бекмырза ата өрүктөн жасалган комуздардан мыкты добуш чыгарын айтты. Буйрутмалар менен ээр дагы чабат.

«Башында балдарым комуз чертет экен деп баштагам. Бирок эч кимиси кармабай койду (күлүп). Өрүктүн жалбырактары күбүлүп калган кезде кыйып алып келем. Аны сомдоп, сууга кайнатып, баарын ыгы менен даярдап алам. Илгертеден эле аталарыбыз «башка жыгачтарга караганда өрүктөн чабылган комуз нарктуу болот» деп айтышчу. Өрүк комуз укмуштуудай үн бергенге кудурети жетет. Ал канчалык көпкө сакталса, ошончолук өңү кочкул болуп көрккө келет. Жыгачы катуу болгондуктан ага колдонгон шаймандарым дагы баттан эле мокоп калат. Эми Москвага барып, комуз жасоого керектүү шаймандарды өзүм тандап алсам дейм. Алар менен комуз тез арада даяр болот. А мен болсо карыдым дебей баарын колго жасайм.

Комуздан үн чыгышы бактын жашына да байланыштуу болот. Эгерде өрүк көп жылдык болсо үнү да ошончолук жакшы, кулакка жагымдуу угулат. Жаш өрүктөн жасалганы үнүнөн жана өңүнөн тез эле билинип калат. Мындай өрүктөн жасалган комуздун үнү текши чыкпайт. Комузду жасагандан кийин өзүм күүгө салып текшерем. Алар 10 миң сомго бааланат. Илгерки комуздардын көлөмү азыркыдан кичинерээк болчу. Ал кезде атты көп мингендиктен ат үстүндө алып жүрүүгө ылайыктуу болгон. Эмгегимди баалагандар арбын. Комузду чертип ырдап калам. Элибизде тынчтык болуп, бала-чака аман болсо дейм», - деди аксакал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×