Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 13.12.2019 10:08

Айыл турмушу: Бакай-аталык М.Сулайманов гектарлаган жерде багбанчылык кылып келет (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Үч-Эмчек айылынын 68 жаштагы тургуну Мырсак Сулайманов бадам, жаңгак, алма өстүрүп багбанчылык кылып келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, кесиби айдоочу.

«1971-жылы аскерден келгенде устачылык кылып мештерди салып жүрдүм. Кийин айдоочулукту окуп, колхоздо 10 жыл жүк ташуучу унаа айдап иштедим. Колхоздо кой кайтарып, сугатчы болуп сыйлыктарга ээ болдум. Темир устачылыгымды таштабай атка така, казык көптөгөн буюмдарды жасадым. Ошентип жааматтык дыйкан чарба тарай баштады. Жерлерди алып, темир устачылыкты бирге алып келе жатам. Тракторго чиркеген шаймандарды, төө буурчак сепкичтерди жана башка буюмдарды жасайм. Тургундардын темир ишине байланыштуу талабын аткарам. Устачылык тубаса өнөр. Себеби таятам ээр чаап, мергенчи, атам темир уста болгон экен. Мен дагы кичинемден темирди жакшы көрөм. Устачылык турмушка дагы керек.

Ал эми багбанчылык кылып, жаңгак, бадам, кут дарагын, алма, алмурут багып келем. Жаңгак тиккендин өзү дагы андан ооз тийбей калат деп айтышчу эле. Ошондой экен. Карга аябай ташыйт. Карга жесе дагы жакшы, сооп иш болот деп көбөйтүп багып келебиз. Жаңгактарды 1980-жылдары Жамбыл жактан алып келип тиккем. Ошону улап 100 түптөн ашык жаңгак болуп калды. Бадамдын данегин көчөт кылып өстүрүп, 3 жылдан бери карап, асты түшүм берип калды. Андан башка кут дарагын тигип келем. 4 гектар жерге алма, кара өрүк, алмурут тигип пайдасын көрүп келебиз. Кара өрүктүн түшүмүн эле 80 миң сомго чейин сатабыз», - деди ал.

Мырсак ата жубайы Бактыгүл апа экөө 4 уул, 2 кыз жана 20дан ашык неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×