Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 15.12.2019 20:20

Жалгыз уулу мерт болгон ата ырга клип тарттырып: Таласта 5 киши мерт болгон кырсык

Turmush -  Бакай-Ата районунун Үч-Эмчек айылынын 64 жаштагы тургуну Кабыланбек Балкыбековдун ырларына обондор жаралууда. Аймактык кабарчы элеттик акын менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Атанын Таш-Кудук айылында төрөлгөн.

«Казакстандан аскердик кызматымды өтөп келип, Кыргыз мамлекеттик университетинде журналист болуу максатында 3 жыл окугам. Бирок ден соолукка байланыштуу окууну бүтпөй калгам. Акын Шайлообек Дүйшеев менен университетте бир окугам.

5-классымдан эле ыр жазып калгам. Анда дубал гезиттер чыгып турчу. Ошол жакка такай ыр чыгарып турчумун. Мен саясий-патриоттук темада ырларды көп жазам. Азыркы кезде 4 китептин авторумун. 2000-жылга чейинки жазылган ырларымды чогултуп «Кыргыз деп ооруйт жүрөгүм» деп китеп чыгаргам. «Ыйык ариет», «Уурдалган бакыт», «Абийир оту» деген китептерим басылмада. Буйруса жаңы жылга чыгып калат деп турам. Менин ырларымдан мекен, эл-журт жөнүндөгү жана лирикалык ырларды дагы кездештирүүгө болот. 50дөй аңгемелерди жазгам.

Кийин ырчы Сагынбек Момбеков менен тааныш болуп калдым. Ал саясий ырларга обондорду чыгарат. Ал киши 60 ашуун ырларыма обон жазды. Дагы обондор жаралууда. Менде патриоттук сезим күчтүү. Мурун саясатка аралашчу эмесмин. 2007-жылдары Сагынбек Момбеков мага Тургунбек Бекболотов деген акындын «Муздак тамчылар» деген китебин берген. Аны 30 мүнөткө жетпей окуп койдум. Анда ушундай бир керемет жазылган ырлар болчу. Мага абдан катуу таасир берди. Саясатка болгон көзүм ачылды. Ыр жазуу стилим дагы өзгөрдү. Ошентип жашоону Тургунбектин көз карашы менен карап калдым (күлүп). Ошентип саясий ырларым күчтүү чыкты. Менин ырларымды Сагынбек ырдап жүрөт. Күн аралап ырлар келе берет. Келе калып компьютерге терип коём. Тааныштар той-аштарга деп дагы жаздырып кетишет.

Көп жылдар болуп калды, биздин айылдан Бейшебек деген киши бар эле. Бир күнү эртең менен өзү, баласы, кызы, күйөө баласы болуп базарга сапар алышкан экен. Ошол кезде ылдый жакта бир кишинин жалгыз баласы катуу ылдамдыкта унаа айдап келе жатып кагышып кетип, бешөө тең кайтыш болуп кеткен. Баягы жалгыз баланын атасы бир күнү үйгө келсем мени күтүп отуруптур. «Арманым ичиме батпай жаман болуп турам. Мага атанын арманы деген ыр жазып бер» деп келиптир. Оюн сурап алып, «Атанын арманы» деп ыр жазып бергем. Ал аны көтөрүп алып Сагынбекке алып барган экен. Ал комуз менен ырдаптыр. Ошол киши гана ыраазычылык катарында мал берген. Калган ырларымдын баарын бекер эле жазып берем. Кийин баягы киши ырга клип тартып, дисктерин туугандарына тараткан экен. «Кыргызымдын келиндери» деген ырыма Сагынбек обон чыгарган. Ал ырды Гүлбү Ороскул кызы жактырып, ырдап алып чыгам деген экен. Тилекке каршы аткарылбай калды», - деди ал.

Кабыланбек акын 2 уул, 4 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×