Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 15.12.2019 22:20

«Сени бактылуу кылам, болгону мага ишен»: 46 жаштагы Мөөркан жеңеге берилген убада жана бактылуу жашоо. Сүрөт

Turmush -  Ноокен районунун Т.Кулатов айылында чоңойгон 46 жаштагы Сатарова Мөөркан жеңе ата-энесинин каршылыгына карабай Талас районунун Ак-Коргон айылына келин болуп келген. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча математик мугалим. Жолдошу экөө 1994-жылы баш кошушкан.

«1992-жылы мектепти аяктап, Кыргыз техникалык университетинин математика бөлүмүнө тапшырдым. Өзүмдүн ата-энем да мугалим болуп эмгектенгендиктен мен да чоңойгондо сиздердей мугалим болом дечүмүн. Жаштайыман эле мугалим болом деп жүрүп, кудайым тилегимди берди. Окуу жайда жолдошум Алтынбек экөөбүз чогуу билим алдык. Чогуу окугандыктан бири-бирибизди жакшы таанычуубуз. Бат эле тил табышып кеттик. Анын адамгерчилигин жогору баалайм. Ошол сапаты менен мени өзүнө каратып алган (күлүп). Бирок менин ата-энем каршы болду. Алыска тийесиң деп көпкө ишене албай жүрүштү. Бирок менин бактымды тилеп, айла жок баталарын беришти. Мага бактылуулук каалашты. Бирок «биздин эле жаныбызда болуп, жакын эле жерге турмушка чыксаң жакшы болмок» деп да жүрүштү. Сүйүү эч бир каршылыкка чегинип бербейт. Өзүмдүн жактырган адамыма турмушка чыгып жатканымды көрүп баталырын берип, ак жол каалашкан.

Ошентип 1994-жылы ноябрь айында Ак-Коргон айылына келин болуп келдим. Кайын журтум жакшы кабыл алышты. Кайын энем жакшы адам. Ал мага үй тиричиликтин баарын үйрөтүп алды. Башында келгенде кыйналдым. Жумуш кыла албай, камыр жайып, күлчөтай жасай албай көпкө жүрдүм. Бул жактагылар нандын камырын суюк кылып көптүрөт экен. Биз жакта болсо катуу кылат. Ошол нерсеси мени абдан кыйнаган. Бирок апам акылдуу адам, мени өзүнө жакындатып, жакшы сөздөрдүн айтып, бүт жумуштарды үйрөтүп алды. Негизи Таласта камыр тамак көп жешет. Мен болсо ушундай тамакты кечке жей беришет экен деп таң калып жебечүмүн. Кийин менден өткөн камыр тамакты сүйүп жеген адам болбой калды. Камыр жайганды үйрөнүп, кечке камыр тамак жей берип камыр тамакты жакшы көрүп калгам. Кийин камыр тамак жасап бергенимде кайын журтум тамшанып жеп калган.

Баш кошкондон кийин кайра эле окууга кетип калдык. 1996-жылы окууну аяктап, мугалимдик кесиптин ээси болуп, дипломдорду көтөрүп алып келгенбиз. 1997-жылдан баштап айылдагы мектепке жумушка орноштук. Алтынбек башталгыч класстын мугалими, мен математик мугалим болуп иштеп калдым. Ошол жылдан бери мектепте эмгектенип келебиз

Жолдошум экөөбүз бактылуу үй-бүлө түптөдүк. 5 баланын ата-энеси болдук. Өз кесибибизди мыкты өздөштүрүп Билим берүү министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланганбыз. Негизи «жашыңда эмгек кылсаң, карыганда үзүрүн көрөсүң» деп коюшат эмеспи. Убагында тырышып билим алганыбыздын акыбетин эми көрүп жаткан учурубуз, - деди ал.

Жолдошу Алтынбек Медетбеков жубайы экөө Талас менен Ноокенге көпүрө болгондугун кошумчалады.

«Жубайыма «Сени бактылуу кылам, ар дайым сени колдоп, алыстыгыңды билдирбейм. Биз сөзсүз бактылуу болобуз, болгону мага ишен» деп сөз берип анан Таласка алып келгем. Азыр кудайга шүгүр, баары жакшы. Экөөбүздүн ортобузда сезим бийик болгон үчүн жолдун алыстыгына карабай бирге болдук. Талас менен Ноокенге көпүрө куруп бердик», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×