Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 16.12.2019 09:20

Айыл турмушу: Жолумбек уста 20 миң сомго чейин бааланган ат жабдыктарды жасайт (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Ак-Жар айылынын 48 жаштагы тургуну Жолумбек Осмоналиев ат жабдыктарды жасап киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, кесиби боюнча тракторчу.

«Мен төрөгөндө атам аскерде болчу экен. Чоң апам «атасы жол тартып, аман-эсен келип калсын» деп менин атымды Жолумбек койгон экен. Мектепте окуп жүргөн кезде кесиптик окуу жайдан трактор айдоочулукту алып чыккам. Мектепти бүткөндө аскерге кеткенге чейин колхоздо тери иштеткен цехте тери иштетип калдым. Андан айымдар тон, чермий тигишчү. Аскерден келгенден кийин бир аз ошол жерде иштеп жүрдүм. Кийин ал цех токтоп калды. 1995-жылдан баштап бир туугандарым менен үйдөн цех ачып, тери иштетип, чермий, маасы тигип жүрдүм. Тумар жана башка сувенирлерди жасачубуз. Бирок ошол кездерде андай буюмдарды сатып алуу кыйын болчу. Кийин кайыштын технологиясын сатып келип, кайышты иштетип, 1997-жылдан бери ат жабдыктарын жасап келе жатам. Тердик, жердик, жүгөн, басмайыл, куюшкан, үзөңгү баары жасалат. Арзаны 5-6 миң сом, эң жакшысы ат жабдык ээр, камчыдан башкасы 20 миң сомго чейин барат. Камчылар 600 сомдон 3000 сомго чейин жасалат. Базарга алып барам, эл үйгө келип буйрутма беришет. Кардардын айтуусу боюнча каалагандай кылып жасап берем», - деди ал.

Уста 3 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×