Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 26.12.2019 13:12

Эгиздер: Нургиза менен Наргизаны классташтары да алмаштырып алышат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Ак-Жар айылындагы 15 жаштагы эгиздер Азат кызы Нургиза менен Наргиза бирге окуган классташтары азыр да алмаштырып алышат. Аймактык кабарчы алар менен таанышты.

Нургиза: Айылдагы мектепте 9-класста окуп жатабыз. Мектепте кандай сынак болсо дагы ийгилик жаратсак апам кубанат. Мага биология сабагы, түгөйүмө география сабагы жагат. Келечекте медициналык тармактын мыкты адиси болсом деймин.

Наргиза: Мен тамак-ашты мыкты деңгээлде бышыра албайм. Аны жакшылап үйрөнүп ашпозчу болом деп турам. Эгиз болсок дагы досторубуз башка. Анан да сүйлөшкөн темаларыбыз дагы башка. Кээде ага жаккан нерсе мага жакпай уруша кетебиз. Ошондо бизди көргөн апам «бир курсактан чыккансыңар го, экөөң кандай жансыңар» деп калат.

Ар кимдин көз карашы ар кандай болот экен. Бирөөлөр бизди окшош дешсе, кээ бирлери эже-сиңди дешет. Бирок 9 жыл бирге окуган классташтарыбыздын айрымдары алмаштырып алышат. «Кичүүсүңбү же улуусусуңбу?» деп сурай беришет. «Биз бир тондуу болуп окшош болуп калганыбызда такыр айырмалай албай кыйналмак экенсиңер» деп калабыз (күлүп).

Апасы Зууракан айым: Булар 3 эм болушкан. Бирок биринчи кызыбыз төрөлүп, ал ошол замат чарчап калган. Анан Нургиза 1 кг 600 гр, Наргиза 1 кг 200 гр болуп төрөлгөн. Менин төркүнүмдө эгиз кыздар көп. Булар төрөлүп, төрөтканада 20 күн жаттык. Үйгө жаңы чыгып келип, ушундай чарчап калган экенмин. Бутума коюп алып кыздарды ороп жатып, Наргизаны ороп бүтпөй уктап калыптырмын. Бир маалда ал оодарылып калыптыр. Ошол маалда эжем үйгө кирип келип калып ойготкон. Бутум менен басып каларыма аз калган экен. Анткени аябай кичинекей болушчу. Кыйналганымдан өзүмдү дагы урушуп, «эмнеге эгиз төрөдүм экен?» деп айтып жүрдүм. Булар төрөлгөн кезде жарык өчүп калмайы бар болчу. Түндө чөйчөккө сүт куюп, анын түбүнө улуу кыздарымдын бирөөсү газета күйгүзүп тосуп турат эле. Сүт жылыганда бирөөсүнө берип, муздап калганда кайра ысытып экинчисине берип жүрдүк. Түндө уйку жок. Азыр кудайга ыраазы болуп, шүгүр айтам.

Нургиза: Айрым эжелербиз атыбызды жатка билбейт. Нуркыз, Нурзада деп айта беришет. Бир сабактан мугалим мага коюла турган 5 деген бааны түгөйүмө коюп алып, анын 4 деген баасын мага коюп алган. Көптөр бизге «эгиз балдарды табып, кийин аларга турмушка чыкпайсыңарбы» дешет. Бири-бирибиз жок жүрө албайбыз, издеп, сагынабыз. Эми буйруганы, бирок эгиз болсо биз жакыныраак болобуз (күлүп).

Эгиздер 6 бир туугандын эң кичүүлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×