Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 16.12.2019 15:22

Айыл турмушу: В.Бердиева кышында өзүнө жаккан иши менен киреше табат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Ак-Жар айылынын 48 жаштагы тургуну Венера Бердибаева кышкы сезондо өзүнө жаккан иши менен киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Арал айылында төрөлгөн.

«Бала кезде мектептен кол өнөрчүлүккө үйрөтчү. Ага кошумча үйдөн апаларыбыз «кыз деген баарына эптүү болуш керек» деп сайма сайганды, токуудан баштап өрмөк өргөнгө чейин билип алуубузга түрткү болушчу. Эми ошондогу билип алгандарым каражат табууга чоң жардам болуп жатат. Улуулар бир нерсе үйрөтсө андан качпашыбыз керек. Ал бир күнү жашообузга керек болот экен. Кышында берилип отуруп токуйм. Анткени жылуу кийимге кардардын талабы чоң болот. Кичинекейлерге топусу менен чермий 1000 сом, байпактар 500 сом, чоң жоолуктар 1300-1500 сом болот. Ушул айылдан эле тургундар калтырбай алып кетишет. Сурап келгендер андан көп. Ошончолук эл ишенич менен алып жаткандан кийин сапаттуу жиптерге көңүл буруп сатып алып келем. Алардын өңү өчпөйт, түлөбөйт. Чоңдор үчүн чермийди 2 күндө бүтөм. Айыл эли мал-жан карап, сыртта дайыма кыймылда жүрүшөт эмеспи. Ошондуктан алар жылуу болсун деп чермий көп алып кетишет.

Токуудан ырахат алуу менен киреше табам. Айына 8000-11000 сом таап калам. Эртең менен тамактанып алып токууга отурам. Берилип кетип тамак дагы ичпей коем (күлүп)», - деди ал.

Венера айым 5 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×