Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 16.12.2019 16:35

Өзгөчө ысым: Х.Өмүрзаковдун атын дүйнөдөгү бийик тоолордун биринин урматына коюшкан (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун Нылды айылында төрөлгөн 20 жаштагы Хан-Темир Өмүрзаковдун атын бир уккандар адаштырып башка ысымдарды айтышат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Анын айтымында, учурда Талас мамлекеттик университетинде тарых адистигинде 3-курста окуп жатат.

«Менин атымды атам койгон экен. Хан-Теңири деген тоо бар. Атымды ошол тоонун атынан коюшмак экен. Анан документке атым жазып жатканда Хан-Темир деп жаздырып койгон экен. Адаштырып айта беришип 10 чакты атым бар. Мени айылдагы көпчүлүгү Темир же болбосо эркелетип Тему деп коюшат. Достор арасында Ханжо, Темучин деп айтышат. Кээде Хан-Темир деген атымды туура эмес угуп алышып, Хан-Теңири деп да аташат. Чыңгыз хан, Амир Темир дагы болуп кетет.

Бош убактымда өзүмдүн көңүлүмө жаккан нерселер менен алектенем. Азыр болсо Таласта фотостудия ачып жатабыз. Азыр болсо сүрөт тартканга кызыгуум артып жатат. Алдыда пландарым абдан көп», - деди ал.

Хан-Темир мырза үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×