Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Талас облусуТалас району 16.12.2019 15:55 На русском

«Апа, эжемдин бир унаага түшүп кеткенин көрүп калдым»: Таласта 14 жаштагы Баян Сарайбекова изделип жатат

Баян
Баян

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 14 жаштагы тургуну Сарайбекова Баян кечээ, 15-декабрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын апасы Айгүл Исламбекова билдирди.

Анын айтымында, кызы айылдагы мектепте 8-класста окуйт.

«Кечээ күнү кечинде атасы тоодон келген. Кызым акыркы күндөрү жумуш кылбай, эч нерсеге көңүлү жок, колунан телефон түшпөй калган. Атасы жумуш кыл десе болбой койгон. Жини келгенинен 2 жолу бетине чаап жиберген. Мен дагы кызымды урушуп бир чапкам. Эми ата-эне болгондон кийин урушасың да... «Атаң тоого кеткенче коңшунун үйүндө болуп тур» деп жеткирип келгем. Атасы тоого кеткенден кийин кызымды алып келип, төшөк салып эле жатып алганбыз. Таңкы саат 06:30 чамасында ойгонуп кеттим. Карасам кызым жок экен. Баламды ойготуп «эжеңди карачы» десем «апа, эжемдин бир унаага түшүп кеткенин көрүп калдым» деп келди. Сабакка кеткен экен деп мугалимдерге барсам мектепке дагы келбептир. Мындай болуп кетерин билгенде урушпай эле койсом болмок экен. Балким таарынып үйдөн чыгып кеттиби, белгисиз болуп жатат. Милицияга арыз жазып келдим», - деди ал.

‎Баянды көргөн-билгендер болсо апасына 0706 302 663 номуру аркылуу кабарлап койсо болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×