Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 17.12.2019 08:05

Жеңеке: Айзирек айым жаман көрүп жүргөн Таласка келин болуп, бактылуу өмүр сүрүүдө (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Арал айылынын 24 жаштагы тургуну Ниязалиева Айзирек айым Таластын каада-салтын жактырбай жүрүп Таласка келин болду. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Чоң-Алай районунун Чак айылында төрөлгөн.

«Мен мурда Таласты эч көргөн эмесмин. Бирок ошондо дагы бул жактын каада-салттары дагы башкача болорун угуп, жактырбай калчумун. Ошол учурда Таласка турмушка чыгып каларымды ойлогон эмес экенмин (күлүп). Алгач мен келин болуп келгенде айылдагы туугандарга тойчук өткөрдүк. Анда чоң дасторкон үстүнө 5-6 даана эле нан коюлганы мени таң калтырган. Бизде андай тойчукта 200 даана нан коюлат, ошол нандар калбай калат. Бул жакта нан ошол боюнча калат экен. Табак-табак колго жасалган камырлар берилди. Биз жакта эч камыр тамак жасабайт элек. Көпчүлүк учурда конокторго аш тартабыз.

Алгач жолдошум экөөбүз бири-бирибиздин сөздөрүбүзгө түшүнүшпөй жүрдүк. Бир күнү күн суук болгондуктан жолдошума «үстүңүзгө камзүрүңүздү берейин» десем, «андан көрө чермийимди берчи» деп калды. Үйгө кирип алып чермийди таппай, кийимдерин бардыгын карап чыктым. Таппагандыктан колума камзүрүн көтөрүп чыгып, «ушуну эле киесизби, чермийиңизди таппай койдум» десем «чермий деген ушул да» деп күлгөн. Андан кийин мага көп нерселердин аталыштарын үйрөттү. Бир эл болгонубуз менен көп сөздөрүбүздө айырма бар экенин ошондо билдим.

Алгач гүлчөтай жасай албай жүрүп, азыр жакшы өздөштүрүп калдым. Эки күндүн биринде эле камыр жайып турам. Ошто келин келгенде 3 жолу жүгүнөт дагы ошол боюнча жүгүнбөйт. Таласта жолдошуңдун улуу агаларына көргөн жерден жүгүнүп өтөт экенсиң. Башында унутуп өтүп кетип калган күндөр болгон.

Бир жолу үйгө келе жатсам эле жолдун жээгинде 2 чоң ата олтурган экен. Адаттымдай эле жүгүнбөстөн өтүп кетиптирмин. Кайра аркага келип, эки чоң атага жүгүнсөм мени алкап күлүп калышты. Азыр болсо көргөн жерден жүгүнүү керек экенине көнүп калдым. Таластын эли жакты. Ачык-айрым болот экен. Жаратылыштын кооздугу, кызыктуу каада-салттары менин жаман көргөн оюмду түп-тамыры менен өзгөртүп салды», - деди ал.

Айзирек айым жолдошу экөө 1 уул, 2 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×