Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 17.12.2019 15:28

Айыл турмушу: Кеңешбек ата менен жубайы Күмүшкан апа 4 балалуу болгондон кийин мектепти аякташкан (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көк-Ой айылынын 83 жаштагы тургуну Боркеев ата Кеңешбек менен 79 жаштагы жубайы Темирканаова Күмүшкан апа экөө 4 балалуу болгондо кечки мектепке чогуу барып окушкан. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Кеңешбек атанын айтымында, учурда Талас районунун аксакалдар сотунун төрагасы.

«Мен Алексеевка колхозунда туулгам. Жашоонун оорун дагы, жеңилин дагы көрдүк. Ал учурда биздин колхоздо орустар көп жашачу. Алар 10-класска чейин бири да калбай окушчу. Мен 7-класска чейин окудум. 7-класстан кийин баарыбыз интернаттарга, шаардагы мектептерге тарап кетчүбүз. Мен дагы Талас шаарындагы №1 мектепке жөө барып окуп баштадым. Асма көпүрө аркылуу өтүп, 15 км жол басып окуп жүрдүм. Ортодон Таластын балдары тосуп, ур-токмокко алгандар, мушташканыбыз көп болду. Анан мен малчынын уулу болсом, кимге барып даттанып жүрөт элем деп ойлондум да атама жардамчы болуп окууну таштап кетип калдым. 15 жашымда колхоздо сынак болуп, балдарды окутууга чакырышты. Көп баланын ичинен үчөөбүз гана өттүк. Бизди жалаң техниканы оңдоого үйрөтүштү. «Техника оңдоону билгенден кийин гана өзүңдүн тракторуңа ээ болуп, иштеп каласың» дешти. Мен сынактан жакшы өтүп, колхоздо механизатор болуп иштеп калдым.

1957-жылы 15-апрель күнү жубайым Күмүшкан Темирканова экөөбүз баш коштук. Экөөбүздү туугандарыбыз таныштырышкан. Бир топ убакыт сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Жубайым дагы 7-класстан кийин окубай калган экен. Акылдашып 1966-жылы жубайым экөөбүз тең Талас шаарындагы №1 кечки мектебинде окуп баштадык. 8-9-10-классты окуп, 1968-жылы аяктадык. Ал учурда биздин 4 балабыз бар болчу. Мектепти бүткөн соң жубайым экөөбүз тең жогорку окуу жайына тапшырабыз деп чечтик. Бирибиз өтпөй калсак экөөбүз тең окубайбыз деп убадалаштык. Ал жакка тапшырганда мен өтүп, жубайым өтпөй калды. Мен сен окубасаң окубайм деп таштап койдум. Жубайым болсо «мен окубасам дагы сен оку» деп документтеримди Токмоктогу окуу жайга кетирип жибериптир. Ал жакка окууга өттүң деп чакыруу келип калыптыр. Ошентип Токмоктогу техникумга окуп калдым. Ал жакта 3 жылда электр-механизатор адистигин алып чыктым. Окууну аяктаган соң Таласка келип, атайын ишканада жетекчи болдум. Ушул багытта 1997-жылга чейин иштеп келдим. 1998-жылы пенсияга чыктым. Ошол жылдан бери ардагерлер кеңешинин төрагасымын. Былтыркы жылдан бери Талас районунун аксакалдар сотунун төрагасымын. Бүгүнкү күндө коомдогу ар кандай маселелерди алдын алууда салымым болсун деп, милициянын көчмө кабылдамасы менен кошо мектептерде, коомдук жайларда, мекемелерде, үй-бүлөдөгү чырлуу учурларда жардамыбызды берип келе жатабыз», - деди аксакал.

Жубайлар 4 баланын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×