Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 17.12.2019 17:11

Айыл турмушу: Таластык Н.Сарбагышов устачылыгы менен элге кызмат кылып келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Ак-Жар айылынын 37 жаштагы Нурбек Сарбагышов жыгач, темир устачылыгы менен элге кызмат кылып келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, буйрутмаларды алып, үйлөрдүн чатырларын да жабат.

«Устачылыгымды кесибим десем болот. Иш бөлмөдө отурбасам дагы элдердин талабын аткарып, аларга жардамдашам. Күнүм темир, жыгачтан ар нерселерди жасоо менен өткөндүктөн алардан көп керектүү буюмдарды жаратам. Үстү жок кытай тракторуна айылга биринчилерден болуп кабина жасап, бүгүнкү күнгө чейин бардык климаттык шартта айдап жүрөм.

Андан тышкары трактордун шаймандарын жасайм. Төө буурчак сепкичтерди жасадым. Алдыда картошка казган жабдык жасайын деп жатам. Кардарлар буйрутма берген шайманга жараша темир-тезегин алып келишет. Күн жылуу учурларда курулуш жаатында жүрүп, үй чатырын жаап, полдорду кагам. Орточо үйдүн чатырын 65-70 миң сомго жабам. Эгер азыркы стиль менен кооздоп жапсам кымбатыраак болот. Аны 20 күнгө чейин бүтөм. Ушундай курулуш иш менен элет жеринен эмгектенип, айына 100 миң сомдон киреше табууга болот.

Жыгачтан чакан үй эмеректерин жасап, сынып бузулганын оңдоп берем. Айыл ичинде бузулганын эмне кылсам дегендер көп эмеспи. Анын баарын ыргытып же өрттөп жиберсе дагы болбойт. Ошондуктан жаңы кылып жасап берем», - деди ал.

Нурбек уста 4 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×