Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 18.12.2019 16:05

Таласта изделип жаткан 14 жаштагы Баян Сарайбекова 2 күндөн кийин табылды

Баян
Баян

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылында 15-декабрда үйүнөн чыгып кеткен боюнча изделип жаткан 14 жаштагы Баян Сарайбекова кечээ, 17-декабрда табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кызды Бишкек шаарынан таап келишти.

«Биздин кызматкерлер Баян Сарайбекованы кечээ Бишкек шаарынан табышкан. Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Талас РИИБдин кызматкерлери тарабынан анын жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынан табылып, үйүнө алынып келди. Бүгүн ата-энесине тапшырылды. «Үйдөн жөн эле кеттим» деди. Жалгыз эле кеткен экен», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×