Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 19.12.2019 17:06 На русском

Жаш талант: 11 жаштагы Эркежан тогуз коргоол боюнча Ташкенттеги мелдешке катышат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Үч-Эмчек айылынын 11 жаштагы тургуну Эркежан Аманкулова 2 жылдан бери тогуз коргоол боюнча ийримге барып, ийгиликтерди багындырып келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Ташкент шаарында өтө турган оюнга даярдык көрүп жатат. Тогуз коргоолдон тышкары бийге дагы кызыгат.

«Мындан 2 жыл мурун мектептен Жолдошбеков Бекмурат деген агайыбыз келип, «ким математиканы, таблицаны жакшы билсе тогуз коргоолго катышкыла» деп айтып кеткен. Мен математика сабагынан жакшы окуйм. Өзүм дагы тогуз коргоол оюнуна кызыгып жүрчүмүн. Ошондон бери тогуз коргоолго катыша баштагам. Эң негизгиси математиканы жакшы билишиң керек. Оюн мага жеңил эле болду. Шарттарын бат эле үйрөнүп кеттим. Биринчи оюн мектепте болуп, андан 3-орунду багындыргам. Кийин райондук, облустук оюндарга чыгып, алдыңкы орундарга ээ болуп жүрдүм. Бул аң-сезимиңди өстүрүүчү оюндардын бири. Оюнда тогуз үй, аларда тогуздан таш болот. Ошолорду жүрүп, идишиңди толтурганга аракет кылышың керек. Оюн убактысы 1 саатты түзөт. Ошол убакта сен идишти толтуруп коюшуң керек. Бекмурат агайым ар бир оюнга кызыктырып, ар бирибизге кылдаттык менен мамиле кылат. «Оюнда жеңилүү менен жеңиш бир жүрөт. Бүгүн жеңилип калсаңар кийинки оюнда бүгүнкү катачылыктарды кайталабаш керек» деп айтат.

Ноябрь айында Бишкек шаарында А.Чылымовдун турнири болуп өттү. Ал оюнда мен 2008-2009-жылкы кыздар менен ойнодум. Жыйынтыгында 2-орунду жана 3-орунду алып, Ташкентте өтө турган эл аралык турнирге жолдомо алдым. Башка мамлекетке биринчи жолу барып ойнойм. Толкундануу болуп жатат. Учурда оюнга даярдык көрүп жаткан учурум. Бир күнүмдүн жарымы тогуз коргоол менен өтүп жатат», - деди ал.

Эркежан үй-бүлөдө 2 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×