Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 19.12.2019 18:06

Таластын Чоң-Токой айылындагы мектепте «Сыйкырдуу кыш» сынагы өттү

Turmush -  Кечээ, 18-декабрда Талас районунун Чоң-Токой айылындагы Хан Бүргө орто мектебинде «Сыйкырдуу кыш» окуу сынагы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Самара Кабылбекова билдирди.

«Атайын долбоордун алкагында «Сыйкырдуу кыш» окуу фестивалын өткөрдүк. Иш-чара балдардын окуу көндүмдөрүн жакшыртуу, балдарды жана алардын ата-энелерин китеп окууга үндөө максатында уюштурулду. Анда көркөм окуулар болуп, жомоктордон үзүндүлөр аткарылды. Бул жерге Талас районундагы 4 мектептин башталгыч класстардын окуучулары ата-энелери менен катышты. Балдарга белек-бечкектер таратылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×