Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 20.12.2019 09:12

Айыл турмушу: З.Дүйшөбаева неберелерине түнү менен кийимдерди токуп берет (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Ак-Жар айылынын 52 жаштагы тургуну Зууракан Дүйшөбаева чеберчилиги менен каражат таап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Арал айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча медайым.

«12 жыл айылдагы ФАПта медайым болуп иштедим. 20 жылдан бери үй кожейкесимин. Токууну апамдан үйрөнгөм. Аны менен каражат тапса боло турганын билип, такай ушундай иш менен алек болуп калдым. Негизи атам ээр чапкан уста киши. Апам токуунун бардык түрүн жакшы өздөштүргөн эле. Биз кичинекейибизде түнү бою байпак токуп, эртең менен турганда башыбызга коюп койчу. Мен апамды тарткан окшойм. Азыр неберелеримдин башына кийим-кечек токуп коюп коём. Келиним бат токуп койгонума таң калып, эмгегиме кубанат (күлүп). Токуу өзүнчө бир ырахат. Кээде отуруп башкача түрүн дагы ойлоп таап кетем. Кышы менен жылуу кийимдерди токусам, күн жылууда такыя жана башка жеңил кийимдерди токуйм.

Чермийлар 800 сом, шляпалар 1500 сом, чоң жоолуктар 1000 сомдон жогору сатылат. Кардар үйгө келип буйрутма берет. Буйрутма көп болгондо түндөп отуруп токуйм. Колум көнүп калгандыктан чоң жемперлерди 1 күндө бүтөм. Жакшы жиптерден гана токуйм. Көздүн майын алып токуганга жараша сапаттуусуна, өңү өчпөгөнүнө басым коём. Айына 7-8 миң сом таап алам. Жайы менен 100дөн ашык такыя токудум», - деди ал.

Зууракан айым 6 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×