Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 20.12.2019 11:36

Таласта жеңил акча табуу үчүн 2 жылкыны уурдоого шектелген 3 адам кармалды (сүрөт)

Turmush -  Таласта мал уурулукка шектелген 3 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Талас РИИБге 13-декабрь күнү Кызыл-Туу айылынын тургуну кайрылып, короосунан белгисиз адамдар байланып турган 2 жылкысын уурдап кеткендигин билдирген. Кылмыштын бетин ачуу максатында милиция тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада 16-декабрда кылмышка шектелип С.У., А. А. жана С.Э. аттуу адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алар алдын ала сүйлөшүп, жеңил акча табуу максатында арыз ээсинин 2 жылкысын уурдап кетүүгө шектелүүдө. Андан кийин жылкыларды 60 миң сомго баалап, акчанын жарымын (30 миң сом) ала турган болушуп, малды Манас районунун Май айылына алып барышкан. Жылкылар шектүүлөрдүн бирөөсүнүн үйүнөн табылып, ээсине тапшырылды. Аталган факт боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×