Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 20.12.2019 16:50

Таластын Жерге-Тал айыл аймагында жардамга муктаж адамдарга азык-түлүк таратылды

Turmush -  Бүгүн, 20-декабрда Талас районунун Жерге-Тал айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген, жардамга муктаж адамдарга азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Тилек Сакеев билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын Майыптарды коргоо күнүнө карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүлөт.

«Бүгүн 50 адамга, анын ичинде майып тургундарга дагы күнүмдүк керектелүүчү азыктар таратылды. Бул иштер үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 30 миң сом каралган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×