Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 25.12.2019 09:15

Айыл турмушу: 20 жаштагы А.Касымбаев атактуу күлүк Геркулестин 70тей кулунун багып жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылынын 20 жаштагы тургуну Айбек Касымбаев атактуу күлүк Геркулестин кулундарын багып жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жылкыларды багып жатканына бир топ жыл болду.

«Жылкыларымдын энеси кыргыз жылкысы, ал эми атасы орус тукумунан болуп калат. Башында жорго таптаган болчубуз. Андан кийин асыл тукум жылкыларды бакканга өттүк. Жылкы таптаганга кызыгуу Ашымбай деген чоң атамдан өткөн десем болот. Чоң атамдын жолун жолдоп жылкыларды багып келе жатам. Азыр 100дөн ашык жылкы бар. Асыл тукум койлорду жана букаларды багабыз. Мал бакканда чыгаша дагы болот. Жаракат алган аттарды дарылайбыз. Эгер эч кандай жыйынтык болбосо этке кетет. Койлордун 70% эт багытында болсо, 30% жүн берүүчү койлор. Уйлардан азырынча киреше көп деле түшпөйт.

Кыргызстан ичинде эң мыкты деп таанылган Геркулес деген асыл тукум атты баккан болчубуз. Азыр бул аттан калган 70тей кулунун багып жатабыз. Улакка чапчу аттар бар. Мурда атам улакчы болгон. Бирок жаракатына байланыштуу ат чапканды токтотуп койгон. Андан кийин мен ат чабып жүрчүмүн. 9-класста жаракат алып, ден соолукка байланыштуу ат чапканды токтоттум. Айыл өкмөттөн күлүктөрдү сурап чапкандар бар болчу. Азыр аттарды бербей калгам. Келечеги бар аттарды бирөөгө бергим келбейт.

Малды көбүнчө Казакстанга экспорттойбуз. Мисалы койлордон жылына 2 млн сомго чейин киреше түшүп турат. Жылкылар болсо 6 миң доллардан 20 миң долларга чейин бааланат. Соода ар кандай болот. Асыл тукум жылкыны сатардын мурда тукум алып калыш керек. Мисалы Геркулес деген күлүктүн 70тей баласы калган. Геркулести Талас Бегалиев сатып алган. Ал атамдын аты болгондуктан сатып жатканда кийлигишкен жокпуз. Эгер ат меники болсо сатпайт болчумун (күлүп). Бирок өкүнүчтүү деле эмес. Себеби кулундары жакшы чыгып жатат.

Алдыда ат чаап, көк бөрү ойнойм деген пландарым бар. Бирок үйдөгүлөр каршы. Негизи ар бир спортто үй-бүлөдө колдоо болбосо жеңиш болбойт деп ойлойм. Мурда күрөшкө катышчумун. Ошондон ден соолук бираз жабыркап, азыр дарыланып жаткан кезим», - деди ал.

Саяпкер жигит үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×