Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 24.12.2019 11:29

Таластагы унаа кырсыктан 2 адам каза болду

рейд, ночь, авария
рейд, ночь, авария

Turmush -  Талас районунун Кызыл-Туу айылындагы унаа кырсыктан 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Ч.Айтматов көчөсүндө болгон. «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Анын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп, 1992-жылы туулган жигит жабыркаган. 5 куткаруучу барып, каза болгон адамдардын денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жаракат алган адамды тез жардамдын кызматкерлери ооруканага алып кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×