Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 24.12.2019 15:31

Талас районунда окуучулар арасында таштанды чогултуу боюнча сынак өтүп жатат

Turmush -  Талас районунда окуучулар арасында таштанды чогултуу боюнча сынак өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талас районунун Арал айылындагы К.Нанаев атындагы орто мектептин мугалими Элвира Тилекова билдирди.

Анын айтымында, сынак Кызыл Ай Коому тарабынан уюштурулуп жатат.

«Анда окуучулар ар бир үйдөн атайын таштандыларды чогултуп, урналарга топтоп жатат. Бул сынактын 1-этабы 11-декабрда жыйынтыкталган. Учурда 2-этабы өтүп жатат. Ар бир окуучу активдүү катышууда. Бул сынакта таштандынын 3 түрү алынат. Айнек, кагаз, картон таштандысы жана желим бөтөлкөлөр чогултулуп жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×