Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 26.12.2019 12:43

Айыл турмушу: Мугалим З.Кулубаева 2 жыл иштегени келген айылда 31 жылдан бери жашап келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Талды-Булак айылынын 50 жаштагы тургуну Зинакан Кулубаева 31 жылдан бери элеттеги мектепте кол эмгек сабагынан мугалим болуп эмгектенип келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын кызы.

«1988-жылы окуу жайдан 2 жылдык практика үчүн Талды-Булак айылындагы мектепке иштегени келдим. Анда 2 жыл иштеп берип андан соң колубузга диплом алат элек. Мектепте 1 жыл иштегенден кийин 1989-жылы ушул эле айылга келин болуп калып калдым. Мен айылда мугалим, жолдошум Алмазбек Иманалиев электрик болуп иштечү. Ал мени жактырып калып, ушул айылдан чыгарбай алып калайын деп ойлоптур. Көп убакыт өтпөй эле таанышып сүйлөшүп калдык. Ал адамгерчилиги, сыйчылдыгы менен өзүнө тартып алды. Ушул сапаттарын бааладым. Ошентип кол кармашып, чогуу түтүн булатып калдык. 1989-жылы 20-октябрда турмушка чыктым. Октябрда убакта күн жылуу эле болот. Мен көйнөк менен туфли дайындап койгом. Эртең менен ойгонсом эле 30 см жеткен кар жаап жибериптир. Айылда кар, бир аз бери чыксак жаздын күнүндөй жылуу. Таластын өзүндө күндүн жайдын күнүндөй ысык экен. Ошондо «1 күндө 3 мезгилди көрдүк» деп аябай күлгөнбүз.

Ошентип бир үйдүн көкүрөк күчүгүнө турмушка чыгып, эрке келини болдум. Жолдошум 9 бир туугандын тогузунчусу экен. Кайын энем абдан жакшы адам эле, мени өз кызындай кабыл алды. Эрке келини болсом дагы эркелигимди көрсөткөн жокмун. Болгону уй саап, нан жасагандан кыйналдым. Баарын кайын энем өзү үйрөтүп алды. Апам менен 25 жыл чогуу жашадык. Өз апам үй саадырып, нан жасатчу эмес. Өзүм эле кылам деп кыла берчү. Азыр эстесем бизге такыр жумуш жасатпаптыр, бизди аяса керек. Негизи биз нанды чоң казанга бышырчубуз. Апам дайым казанга нан жасачу. Ал эми бул жакта болсо көмөч казан бышырышат экен. Ушул жагынан абдан кыйналдым. Бирок азыр көмөч казанга нан жасоодон алдыга киши салдырбайм. Анткени кайнененин камырынан деп коёт эмеспи (күлүп).

Жолдошум айылда электрик, мен мугалим болуп иштеп калдым. Мектепте иштегениме 31 жыл болду. Кол эмгек сабагынан берем. Кол эмгек боюнча бир канча көрсөтмөлөргө катышып, алдыңкы орундарга ээ болуп, сыйлыктар менен сыйланып келдим. Мугалим болуп калганыма сыймыктанам. 2 жыл эле иштеп келем деген жериме өмүр бою калып калдым (күлүп). Жолдошум дагы 31 жылдан бери бир орунда иштеп келе жатат. 2 кыз, 2 уулубуз бар. 2 кызым өзүмдү тартып мугалим болушту. Уулдарыбыз атасынын жолун жолдоп электрик.

Окуучулар менен иштешкен абдан кызыктуу. Ар бир күнүм жакшы көз ирмемдер менен өтөт. 30 жыл ичинде 4 класска класс жетекчи болдум. Эң кызыктуусу былтыркы бүткөн окуучуларым. 25-майда мугалимдердин көзүнчө мага торт тапшырышты. Тортту тапшырып жаткан кыз «Эжеке, бул торттун үстүндо баарыбыздын атыбыз жазылган. Эгер кимибиз сиздин жиниңизге тийип, ачуунузду көп келтирген болсок ошонун ысымын биринси кесип жеп, чайнап-чайнап эс алып алыңыз» деп жатпайбы. Аябай күлдүм. Бардыгы бейбаштык кылышат, ачуумду келтиришет. Торттун кайсы жерин биринчи ооз тиеримди билбей туруп калдым. Ошентип аттары жазылган жерден эмес башка жеринен кесип алып ооз тийдим. Анткени окуучуларымдын баарын бирдей көрөм. Ошол торт мен үчүн күтүлбөгөн белек болгон», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×