Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 27.12.2019 09:45

Айыл турмушу: Ветеринар М.Отунчиев операция жасап, далай малды аман алып калган (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Чат-Базар айылынын 56 жаштагы тургуну Манат Отунчиев бир топ жылдардан бери ветеринар болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бодо малдарга операция жасалган учурлар көп болот.

«1984-жылы Украинадан аскердик кызматымды өтөп келип, Казакстандагы айыл чарба техникумунун зооветеринардык бөлүмүн бүткөм. Айыл өкмөттө мал чарба кызматкери болуп 2 жыл иштегем. Андан кийин кесибим менен иштеп, мал-жандыктын ден соолугу үчүн күрөшүп келем. Ветеринария тармагына көңүл бурулуп жатканы жакшы. Былтыр мотоцикл, жабдыктар менен камсыз болдук. Мурда бир айыл өкмөттө бирден эле ветеринардык сервис бар болчу. Азыр ар бир айылда ветсервис бар. Себеби айыл жеринде мал чарбалык менен оокат кылгандыктан, малдын башы көбөйүүдө. Бүгүнкү күндө жылкылардан тумоо чыгып жатат. Ал жугуштуу. Ал үчүн алдын ала вакцина салып жатабыз. Ишибиз жоопкерчиликтүү. Күн-түн, күндүн ысык-суугу дебей чакыруулар болот. Кечээ түнкү саат он экиде уйдун музоосу тетири келип, уй тууй албай жаткан экен. Таңкы саат үчкө чейин туут боюнча ыкмаларды жасап, экөөнү тең аман алып калдым.

Жакында эле жардамчы балдар менен торпокту операция кылдык. Ал торпоктун туулган кезинде киндигин тартып алышкан экен, киндиги чоюлуп калганынан грыжа болуп калыптыр. Ал жери акырындан шишип келе берген. Азыркы суукта баягы шишиги чоңоюп, денесине каптап кетиптир. Барып эле шишикке каршы укол салып, шишикти тараттым. Бирок грыжасын операция жасаш керек болду. Ачсам кичинесинде эле жумуру жарылып, ал этке кетип бүтөлүп калыптыр. Аны эттен ажыратып, жумурун тигип дарыладым. Азыр ал торпок чуркап, жашап жатат.

Бизди мал ээси кээде малга жардам керек болуп жаткан учурда эмес же алдын ала эмес, процесс өтүшүп кеткенде чакырышат. Андай учурларда болгон күчүмдү жумшайм. Жакында бир уй тууй албай, ичинен музоосу өлүп калыптыр. Уйга операция жасап, музоосун алып салып, уйду сактап калдым.

Азыркы кезде көпчүлүк жерлерде мал доктурлар эски кишилер. Ушул тармакты аркалайын деген жаштар жок», - деди ал.

Ветеринар 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×