Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 27.12.2019 13:54 На русском

Айыл турмушу: Д.Молдобаеваны туугандарынын балдары «Наша общая мама» деп аташат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Чат-Базар айылынын 53 жаштагы тургуну Дилбар Молдобаеваны туугандарынын балдары «Наша общая мама» деп аташат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Көк-Ой айылында төрөлгөн.

«1984-жылы октябрь айында турмуш куруп, ушул айылга келгем. Жолдошум Күрөңкеев Абдылда учурда дыйканчылык менен алектенип, балдарыбыздын келечеги деп тарбиябызды берип келебиз. Себеби ар бир үйдө бала жакшы тарбия алып чыкса коомдо ар кандай жат көрүнүштөр аз болот.

Мен ал кезде ооруканада иштечүмүн. Ошол жактан жолдошум менен таанышып, баш кошконбуз. Кичинемден жакшы адамга турушка чыгып, жакшы жашоо курсам дечүмүн. Самаганым орундалып, жолдошум иштерман жана ак көңүл киши. Союздун убагында кененчилик заманда чоңоюп калдым. Азыр эми жаштардан бери тытынып иштей турган заманга туш келдик. Ошондой болсо дагы азыркы кезде жаштардан баатыр энелер көп. Бул жакшы көрүнүш.

«Баатыр эне» сыйлыгын 5 жыл мурун алгам. Сыйлык алуу үчүн барганда кубангам. Себеби эч кимге жүгүн артпай, эч кимге таянбай балдарын багып, чоңойтуп келген жаш баатыр энелер көп экен. Мурун 10 балалууларга «Баатыр эне» сыйлыгы берилчү. Аны алганча апалар картайып калчу. Ошондуктан баатыр эне дегенде картаң апаларды элестетет элек. Өзүбүздүн балдарыбызды жана туугандардын дагы балдарын бактым. Себеби бул үй чоң үй болгон. Жолдошум бир туугандардын улуусу. Чоң үйдүн чоң түйшүгү болот. Кайын сиңдилеримдин, кайын инилеримдин балдарын багып, жаштык кезим кантип өтүп кеткенин байкабай калдым (күлүп).

Союз тарап, жумуш жок болуп, алардын балдарын чоңойтуп берип, карашып жардам бердик. Баары «мени баккан» деп талашат. Ошондо кайын сиңдимдин баласы мени апасындай көрүп, мени алардан кызганчу. Баарын тынчытып, «макул талашпагыла, она наша общая мама» деп алдап таратып жиберчү. Ошондон бери «Наша общая мама» аталып жүрөм (күлүп).

Көп балалуу жерде кызыктар дагы көп болот. Бул айылдын суусу алыс болчу. Тээ булактан ташып келчүбүз. Жайдын күнү менин кыздарым сууга кеткен бойдон жок болуп кетчү. Жол боюнда алчалар бышчу. Алар алчага кызып кеч келгенде «силерди суу байлап койдубу» дечүмүн. Улуу кызым «Бүгүн дагы суу байлап койгонунан мен бошонуп келип калдым. А бирок калгандары сууга эмес, алчага байланып турушат» деп күлдүрчү. Үчүнчү кызым кичинесинен балбан, күчтүү кыз болду. Аны "Кожомкул баатыр" деп коюшчу. Таш көтөрүп, ары-бери ташый берчү. Бир күнү анын үнү угулбай калды. Сырттан издеп жүрсөк, ал маңдайдагы үйүбүздөн чыгып, «палас бырышкан экен, үтүктөп койдум» деп келе жатат. Барсак эле жаңы паласты үтүк менен бардык жерин күйгүзүп үтүктөп, жараксыз кылып коюптур. Ушундай кылык-жоруктары менен балдар жашоонун маңызын берип турат. Урушуп-талашып, биринин кийимин бири кийип чоңоюп калышты. Союз тарап, тоонун бооруна картошка эгип, биринде ат, биринде эшек минип барып оокат кылдык. Мал багып, мал курадык. Азыр баарына шүгүр айтып отурабыз», - деди ал.

Дилбар айымдын уул-кыздары:

- Күреңкеева Мээрим 1986-жылы төрөлгөн;

- Күреңкеева Махабат 1988-жылы төрөлгөн;

- Күреңкеева Салтанат 1989-жылы төрөлгөн;

- Эшенбеков Расул 1991-жылы төрөлгөн;

- Эшенбекова Айдана 2001-жылы төрөлгөн;

- Эшенбеков Марсел 2004-жылы төрөлгөн;

- Эшенбеков Арсен 2006-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×