Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 02.01.2020 20:20

Айыл турмушу: Элеттеги дарыгер А.Керимкулова «Алтын ийне» деген наамдын ээси (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Чат-Базар айылынын 54 жаштагы тургуну Айнара Керимкулова бир топ жылдан бери медицина тармагында иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Сокулук районундагы Асылбаш айылында төрөлгөн. Башкалар аны Айнаш деп таанышат.

«Мектепти бүтүп, борбордогу медициналык окуу жайды 1984-жылы аяктадым. Улуу эжем медайым. Аны көрүп медициналык тармакты жактыргандыктан ушул кесипти аркалап, ак халатчандардын катарын толуктап келем. Алгач окуу жайды бүтүп, республикалык оорукананын реанимация бөлүмүндө медайым болуп 3 жыл иштедим. Кийин Таласка келин болуп келип, бала-чакалуу болуп, кесибим менен айылдагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштеп келе жатам. 1 сутка иштеп, 2-3 күн бош болом. Көбүнчө кичинекей балдар менен иштеп, аларга ийне саям. Ишибизде боор ооруткан учурлар кездешет. Өзгөчө балдар кыйналып ооруп жатса, кудайдан алардын айыгып кетүүсүн тиленем. Жакында эле калтырап (судорога) кичинекей бала келди. Дарыгер менен тез ылдамдыкта иштеп, ал баланы жакшы кылып калдык. Дене табы акыркы чекке чейин көтөрүлгөн кичинекей балдар келишет. Негизи дене табы дегенди оңой ойлошот. Бирок аны жаш балдар көтөрө албай, күтүлбөгөн учурга туш болуп калышы мүмкүн.

Биздин бөлүмгө ич өткөк, жөтөл менен, дене табы көтөрүлүп көп келишет. Жугуштуу оорулар жукпаш үчүн жана аларды алдын алуу үчүн иштер жүргүзүлүп турат. Өзгөчө балдарга жер-жемиштер бышкан убакта аларды таза жууп жеп, колдорун тез жууп туруу керектиги айтылат. Биздин кесипте жоопкерчилик абдан чоң. Кезметте турганда уйку жок иштейбиз. Анда түндөп дагы бейтаптар келип калышат. Күн жылууда бир бала жатып калды. Ага жакшы мамиле менен ийне сайып карап жүрдүм. Бир күнү ал бала «апамдай жакшы эже экенсиз» деп айтып ичимди жылыткан. Негизи бейтаптар болбосо деле жөнөкөй адамга дагы жакшы сөз, жылуу мамиле, чын жүрөктөн мээримдүүлүк болуп турса көңүлүңдүн тынчыганы эмеспи.

Эмгегим үчүн грамоталарды алуу менен 2015-жылы оорукана боюнча «Алтын ийне» деген наамга ээ болгом. Кудайга шүгүр, «колу жеңил, ийнени жакшы саят» деп мактагандар көп (күлүп). 3 жылдан кийин пенсияга чыгам. Ордума устат катары билгенимди үйрөтүп, көрсөтүп жүргөн жаш медайымдар бар», - деди ал.

Айнара айым 5 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×