Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 04.01.2020 13:20

Айыл турмушу: Короздорун уруштурган Э.Садыров түрдүү байгелерди утуп келет

Turmush -  Талас районунун Чат-Базар айылынын 34 жаштагы тургуну Эсен Садыров уруштуруу үчүн породалуу бир нече короздорду багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча айдоочу.

«Айдоочулуктан тышкары айыл жеринде мал чарба менен алектенем. Анын ичинен басым коюп, уруштуруу үчүн породалуу короздорду багам. Кичинемден короздорду уруштуруп жүрчүмүн. 6 жылдан бери бир нече түрүн багып жатам. Алгачкысын, башкача айтканда азыркы короздордун биринин чоң энесин Жамбылдан 800 сомго алып келгем. Ата-тегинен бери сурап билип алам. Анткени каны таза болуп, породасына татыктуу болушу керек. «Республикалык ринг» деп коебуз, борборго чейин жылына 3-4 жолу короздорду алып барып, уруштарга катышып турам. Облус боюнча мындай породалуу короздорду кармаган балдар менен таанышмын. Алар менен байланышып, таза кандуу короздордон кабар алып турам. Мындай канаттууларды сүйүүчүлөрдүн кызыгуусу чоң болот. Учурда менде корей породасындагы короздор бар. Алар канаттарын түз кармап, келишимдүү көрүнөт. Тайго, шамо породасындагы короздор да бар. Алардын таажысы жөнөкөй тооктукундай болуп турат, бирок эң курч мүнөзү бар. Бул короздор 6-7 кг эт чейин берет. Колдогу короздорум жөжөлөрү гана.

Уруштарда байгелерге унаалар дагы коюлат. Мен кочкор жана башка мал-жандык уткан күндөрүм көп болду. Короздор жылуулукту жакшы көрүшөт. Калган бардык шартка жана урушканга туруштук берет. Булар урушуу ыкма-тактикалары боюнча ар кандай түрлөргө бөлүнөт. Мендеги породалар жалаң бет маңдай туруп урушат. Кээ бирлери айланып артынан тебүүнү жакшы көрүшөт. Жарадар болуп, көзүнөн айрылып, тумшуктары сынып калган учурлар дагы болот. Үйгө алып келип дарылайм. Буларды дагы бүлө катарында көрөм. Эгер кошуналар таяк менен чабайын дегенин көрүп калсам алар менен уруша кетем (күлүп). Кышында чыккан балапандарын эч кимге көрсөтпөй үйгө алып кирип, жаныма багам. Короодо 1 короз гана жүрө алат. Уруша беришпесин деп ар бири үчүн капас даярдап койгом.

Күзүндө көбөйүп калат. 4000 сомдон өйдө сатып алып кетишет. Жакшы короздорду 5000 сомго сатпайм. Андан жогору баада сатылат. Чумага окшогон тумоо оору болбосо эле бакканга болот. Урушка түшкөн короздорго жүгөрү жана бышкан жумуртка берем», - деди ал.

Эсен мырза 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×