Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 04.01.2020 19:48

Менин ата-энем: Маркум мугалим жубайлар Ш.Нуралиев менен Р.Мүзүралиеваны айылдаштары эскерип келет (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Үч-Эмчек айылындагы мектепте өмүр бою балдарга билим берип жүрүп көзү өткөн маркум жубайлар Шаршенбек Нуралиев менен Рапия Мүзүралиеваны айылдаштары унутпай, эскерип келет. Алар тууралуу уулу Дамир Нуралиев айтып берди.

Анын айтымында, атасы Шаршенбек Нуралиев 1955-жылы Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылында төрөлгөн. Апасы Рапия Мүзүралиева 1957-жылы Бакай-Ата районунун Түйтө айылында төрөлгөн. Кийин мугалимдик жумушу менен Үч-Эмчек айылына көчүп келип, ушул айылда жашап калышкан.

«Атам математика сабагынан мугалим болуп иштеди. Бирок эрте эле кайтыш болуп кеткен. Мен анда өспүрүм куракта болчумун. Окуучуларынан мугалимдик кесипке үндөп, математика сабагынан мыкты мугалимдерди чыгара алганы айтылып жүрөт. Апамдын өзүнүн аты Рапия. Бирок баары Дария деп таанышат. Апам Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүтүргөн. Алгачкы эмгек жолу кичи мекениндеги орто мектепте башталган экен. Калган өмүрүн Үч-Эмчек айылындагы орто мектептин окуучуларына арнаган. Кыргыз тил жана адабиятынан сабак бергендиктен сөздү куюлуштура, мончоктой тизип сүйлөгөн, ыр жазып, ички дүйнөсү кенен адам эле. Кайтыш болгонуна 6 жыл болуп калды. Апамдын аты эл арасында азыр дагы айтылып жүргөнүнө кубанам. Ал кездеги мугалимдер элдин балдарына билим берем деп жашачу. Апам теманы жакшы түшүнүп алсын деп 1 окуучу болсо дагы жумушта жүрчү. Бизге көңүл бурулбай калды дегенден дагы алысмын. Алардын мугалимдик кесиби биздин жашообузга чоң жардам болду. Тартипке, адепке дагы үйрөттү. Айыл ичи тааныш болгондуктан, кээде окуучу балдардын кылыктарын айтып күлдүрүп калчу (күлүп).

Бир күнү жаңы алган класстын окуучусуна суроо берип, өздүк маалыматтарын жазып жаткан экен. «Туулган күнүң качан?» десе окуучусу «5-февраль» деп жооп бериптир. «Кайсы жылы төрөлгөнсүң?» десе, «ар жыл сайын жанагы күндө төрөлөм» деп күлдүргөн экен. Дагы бир күнү бир окуучусу кечигип барыптыр. Ошол маалда класста отурган бир окуучусу түшүндө бардык мамлекеттерди кыдырганын айтып калат экен. Кечигип келген бала «мен болсо аны аэропорттон күтүп кечигип калдым» деп апамды күлдүрүптүр.

Кыргыз тилчи секциясынын башчысы болуп, окуучулары олимпиадада жогорку көрсөткүчтөргө жетишип турчу. Окуучуну окуучу катары эмес, инсан катары көрүп, алардын кызыгуусун арттырып сыйлап турчу. Аларды үйгө алып келип даярдап, өз баласы сыякту көрчү. Биз уктап калсак дагы бөлмөсүндө жарык өчпөй, эртеңки күнкү сабагына план жазып, сабакка даярданчу. Көрсөтмө курал даярдоодон эч тажабайт эле. Ооруп калганда дагы ооруканадан чыгып, акыркы сынакка түптүз болуп барып катышып, экзамендери бүткөндөн кийин кайтыш болгон. Балдарды окутабыз деп күжүрмөн эмгектенчү. Көзү барда көпчүлүк мугалимдер «апаң аял болуп калган, эркек болсо эл башкарып, Кыргызстанга салымы чоң болмок» деп айтып калышчу. Айылдаштары «неберелүү болсом атын Дария деп коём» дешет эле.

Атам экөө акемди, мени жана карындашым үчөөбүздү тарбиялады. Апам далай ырларды жазды. Ырлары бардык темада жазылчу. Алар ыр жыйнак болуп чыкпай калганы өкүнүчтүү. Бирок китеп кылып чыгарууну көздөп жүрөбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×