Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуТалас району 02.01.2020 11:07

Алкынган аргымак, буура сандуу жоон билек: Таласта көк бөрүнүн мыктылары аныкталды (тизме)

Turmush -  30-декабрда Талас облусунда көк бөрү боюнча жылдын мыктылары аныкталды. Бул тууралуу аймактагы кабарчыга уюштуруучулар билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин көк бөрү боюнча мыктылар белгиленчү эмес. 2019- жылды аяктап жатып оюнчуларга стимул болуш үчүн 6 номинацияда онлайн добуш берүү болду. Бул добуш берүүгө «Ынтымак» тайпасы катышкан жок. Ар бир номинация ээлерине статуэткалар тапшырылды.

Жыйынтык:

«Жылдын мыкты тайпасы» номинациясын Кара-Буура районунун командасы алды.

«Жылдын мыкты күчү» номинациясын «Алкан ата» тайпасынын жаш оюнчусу Сагынбеков Акыл жеңди.

«Жылдын мыкты чабуулчусу» номинациясын «Бакубат Талас» командасынын оюнчусу Дамир уулу Бекболот утту.

«Жылдын мыкты коргоочусу» деп «Алкан ата» командасынын оюнчусу Сүйүнтбек Орозбаев табылды.

«Жылдын жекеме жеке боюнча мыкты чебери» деп Илис уулу Кушчубай табылды.

«Жылдын мыкты аргымагы» номинациясын «Бакубат Талас» командасынын аргымагы алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×